super.kg logo

Экспертизанын жыйынтыгы чыкса, Ысык-Көлдө журналисттерди сүзүп кеткен айдоочуга кылмыш иши козголот

 
Веложүрүштүн катышуучулары
Веложүрүштү МАИ кызматкерлери коштоп жүрдү
Веложүрүшчү
Окуя болгон жер. 5 журналист, 2 жергиликтүү тургун жабыркады
Кырсыкка кабылган автоунаа. Айдоочу үйлөнүү үлпөтүндөгү кортежде унаасын жогорку ылдамдыкта айдап келе жатканы айтылууда
Жабырлануучулар "Тез жардам" кызматы менен жакын жердеги ооруканага жеткирилди
Жаракат алгандардын бири дарыгерлер менен
Веложүрүштүн катышуучуларынын бири, экс-президент Роза Отунбаева жаракат алгандардын абалы менен ооруканага барып таанышты
Жаракат алган журналист Темирбек Алымбеков

Ысык-Көл ОИИБинин тергөө бөлүмү 10-августта Ысык-Көлдөгү Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунда катталган жол кырсыгы боюнча териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Белгилүү болгондой, 10-август күнү Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунда үйлөнүү үлпөтүндөгү кортежде жогорку ылдамдыкта келе жаткан унаа жол четинде топтолуп турган журналисттерди сүзүп кеткен. Журналисттер “Ысык-Көл Гран-При” веложүрүшүнүн катышуучуларын күтүп турушкан. Жол кырсыгынын кесепетинен 5 журналист жана 2 жергиликтүү тургун жаракат алып, ооруканага жеткирилди. С.Усубакуновдун айтымында, учурда медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыгып, журналисттерди сүзгөн унаанын айдоочусу мас эмес экендиги белгилүү болду. “Эми автотехникалык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабыз, анын бүтүмүнүн негизинде кылмыш иши козголот”,- деди ал. 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
12.08.2013. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
МАИчи коштоп журуп суздуруп ийишиптир. Айдоочуну жоопко тартыш керек, кечирим деген болбош керек, бироонун буту сынды, экинчисинин башы жарылды, жаракат алды. Мин дарыланса да омур бою ошол жаракат алган жери ооруйт, сыздайт. Анырандабай жай айдашса боло! Ысык-Колдо коп катталып жатат, барып туруп эле бакты сузгон. Тиешелуу орган карабайбы кырсык болгон сон барып "ушундай болду" деп маалыматты тез тараткандын ордуна!
12.08.2013. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журналисттерге булда сыноо калптан арылгыла эми
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: