super.kg logo

Түркияда депутаттын үйүндө иштеген өзбекстандык кыз каза болду. Анын өлүмү сырдуу болуп жатканы жазылууда

 

Түркия парламентинин депутаты Ширин Уналдын үйүндө анын улгайган апасын карап иштеген өзбекстандык кыз каза болуп калды. Анын өлүмү сырдуу болуп жатканын чет элдик басылмалар жазууда.

Маалыматка ылайык, маркум Надира Кадырова 23 жашта болчу. Ал 24-сентябрь күнү эртең менен Анкарадагы ооруканада октон алган жаракатынан улам көз жумган. Ал өзүн-өзү атып алды деген версиялар айтылган. Тапанча депутат Ширин Уналга таандык болгон.

Бирок бул версияны маркум кыздын бир тууган агасы чындыкка коошпойт деп айткан. "Ал Түркиядагы жогорку окуу жайлардын бирине окууга тапшырам деп жүргөн, өз өмүрүнө кол салуусуна негиз жок болчу", - деген ал.

Айрым маалымат булактары Надира Кадырова өлүмүнөн бир күн мурун Лейла аттуу курбусуна билдирүү жөнөткөнүн жазууда. Анда ал "Жаман нерселер болуп жатат. Агамдын көзүнө кантип карайм, өлгүм келип жатат" деп жазган. Окуя болгон таңда депутат жана анын үй-бүлөсү үйүндө болгон. Бирок ал эч кимге комментарий бербей жатканы жазылат маалыматта. Бул боюнча Түркия прокуратурасы териштирүү иштерин баштаган. Бирок Ширин Унал суракка алындыбы, макамы кандай азырынча маалыматтар жок.

Кыздын сөөгү мекенине жөнөтүлүп, жерге берилгени белгиленген маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
29.09.2019. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаман нерселери ясно эле да эми, депутат экоо соо эмес болсо керек, сулуу да кыз экен жалко
29.09.2019. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Кызды бир болсо зордуктаган го,анан ал айтам десе озу атып,отпечатканы скрывать этип,кызга карматып койушу да мумкун,тем более генерал болсо суудан курук чыгат да шумшук..Ачка калсан да туркторго барып,жумушун кылган болбойт.
29.09.2019. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Барбагылачы Туркияга(((
30.09.2019. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Дароо эле ычкырына секирди да катынпоз
30.09.2019. 06:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Турктор картайган кемпир болсо дагым зордукмайы бар калк болот экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: