Октябрь айынын алгачкы аптасы мугалимдердин майрамы менен башталат. "Мөмөлүү дарак" аталган бул ары түйшүктүү, ары татаал кесиптин ээлери болбогондо тамга таанып, китеп окуу мүмкүнчүлүгүн бизге ким бермек? Апабыздан кийинки экинчи апабыз болгон мугалимдердин эмгеги окуучуларынын жеткен ийгилиги, жетишкендиги менен ченелет эмеспи. Кыргыз өлкөсүндөгү бардык мугалим кесибинин ээлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, SUPER.KG тамашалуу тест даярдады.
кошулду
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
Тапшырманы аткарганды унутуп калган окуучуга мугалимдер эң көп айткан сөздү эстеңиз.
Мугалимдер какшык менен сүйлөгөндү жакшы көргөн калк болушат. Мектепте окуучулар эң көп угуп, эсинде калганы "Башыңды деле унутуп калбайсыңбы" деген цитата.
Кийинки суроо
Отур, "2"!
"Башыңды деле унутуп калсаң болмок..."
"Күндөлүккө белгилеп жазып албайт белең".
Класс жетекчи өзүнүн классынын ийгилигин көргүсү келгенде кимдер менен салыштырат?
Ар бир эле класстын окуучулары параллель класстын балдарына атаандашып окушат, коомдук иштери да бири-бири менен болгон атаандаштыкта өтөт. Мугалимдердин методунда атаандаштыкты күчөтүп, жеңиштин даамы менен кызыктыруу жакшы жыйынтык берери талашсыз.
Кийинки суроо
Чоң класстардын окуучуларына;
Отличник окуучуларга;
Параллель класстын окуучуларына.
Улгайып калган мугалимдер окуучулар тоготпой жатканда эң көп колдонгон сөз.
Көп жылдан бери бир мектепте иштеп, агартууга салымын кошкон мугалимдер өзгөчө сыйга ээ. Алар өмүрүн жалаң агартуу тармагына арнап, 2-3 муунду окутууга жетишет. Айрыкча айыл жана кичи шаарларда туруктуу калктын балдарына билим берген мугалимдер "Керек болсо сенин атаңды окуткам" деген сөздү көп колдонушат.
Кийинки суроо
"Биздин учурда силердей болгон окуучулар жок эле".
"Азыркы окуучулардан ыйман кетти".
"Мен керек болсо сенин атаңды, агаларыңды окуткам".
Тентек окуучу чегине жетип, тартип бузганда акыркы көргөн чарасы катары мугалим кайсы сөздү айтат?
Мугалимдер мектептеги тартип үчүн жооптуу. Ал эми ата-эне окуучунун жалпы тартибинен кабардар болуп туруусу талашсыз. Бардык эле окуучулар тартиби начардыгынан улам ата-энеси мектепке чакырылышын каалабаса керек. Муну мугалимдер жакшы билишет.
Кийинки суроо
Эртең мектепке ата-энең менен келесиң!
Мен сени улуу байкеңе айтам.
Чейректен "2" чыгарам.
Окуучу билим деңгээли боюнча жакшы көрсөткүч көрсөтпөсө, мугалимдин салыштыруу иретинде көп колдонгон сөзү:
Эгер сиздин бир туугандарыңыз сиз окуган мектепте окуп билим алышкан болсо, ийгилик жаратууңуз үчүн мугалимдер сөзсүз аларды мисал келтирет. "Сенин эжең жакшы окучу, байкең олимпиадага барып жеңиш алып келчү. Сен кайдан чыккан немесиң?" деген салыштырууну уксаңыз керек.
Кийинки суроо
"Мен сени директорго киргизем".
"Азаматсың! Ушунуңдан жазба!"
"Байкең деле, эжелериң деле жакшы окучу эле. Сен кайдан чыккансың деги?"
Өткөөл куракта класс жетекчинин тарбия саатында окуучулар эң көп уккан сөздөр:
Өткөөл куракта окуучулардын тартиби мугалимдер үчүн көйгөй жараткан учур болот. Бул учурда класс жетекчи ар бир окуучу менен өз алдынча иштеп, класстык тарбия сааттар байма-бай өткөрүлөт. Окуучулардын клубдарга жана отуруштарга баруусу, уюштуруусу да дал ушул өткөөл курактан башталат эмеспи.
Кийинки суроо
"А" (же "Б") класстын балдарын карагылачы, билим деңгээли жогору, тартиби дагы жана башка.
Дискотека, отуруш дегенде ичкен ашыңарды жерге коёсуңар. Окууга келгенде ошондой болсоңор кана?
Класстык саат уруш менен эле өтүп кетмей болду го?
Эки күндүн биринде сабактан кала берген окуучуга мугалим тарабынан коюлган ат:
Демократ акын Токтогул Сатылгановдун "Алымкан" ырында "Бир күн оору бир күн соо, Алымкан азабың тартсам билбейсиң" деген саптар бар эмеспи. Көпчүлүк мугалимдер эки күндүн биринде сабактан кала берген окуучуну "Алымкан" деп атап атаганы көп кездешет.
Кийинки суроо
Алымкан
Ташмат
Кемчонтой
Тапшырма аткарбай келген окуучу үчүн мугалим тарабынан айтылган эң коркунучтуу сөз:
Тапшырма аткарбай барганда мугалим менден тапшырманы сурабаса экен деп башты салып отурган күндөрүңүз болду беле? "Баланчаев, чык доскага" деген сөз кадимкидей жүрөк титиреткени эсиңиздеби?
Кийинки суроо
Түз отур!
Сабак башталды тынчтангыла.
... Кел доскага чык.
Мугалим класстагы окуучулардын баарынан тапшырма сурап жетишүү үчүн айрым учурда кандай ыкма колдонот?
Окуучулардын саны көп болгон учурларда бардык окуучудан тапшырманы сурап жетишүү мүмкүн эмес. Ошол себептен мугалимдер журналдын аягынан баштап тапшырма сурап баштаган учурлар болот. Эгер сиздин фамилияңыз "Э" тамгасынан башталса анда биринчилерден болуп тапшырмага жооп берүүгө туура келет.
Кийинки суроо
"Бүгүн жалаң окубагандарды сурайм".
"Отличниктерден тапшырма сурабай эле коёюн".
"Бүгүн журналдагы тизменин аягынан баштап тапшырма сурайм".
Күндөлүк толтурбай койгон учурда класс жетекчи эмне деп урушчу эле?
Мугалимдер көпчүлүк учурда окуткан предметиндеги каармандар же терминдерди колдонуп тилдегенди жакшы көрүшөт. "Сенин ордуңа ким окуйт? Пушкинби?" деген сыяктуу сөздөрдү адабиятчы мугалимдер чыгарса керек.
Кийинки суроо
Күндөлүктү сенин ордуңа ким толтурат? Пушкинби?
Күндөлүк жок кантип тапшырманы аткарып жатасың?
Сага эне-атаң күндөлүк сатып бербей эле койсо болмок...
Олимпиада же мектептер аралык сынакка жөнөп жатканда мугалимдин "чымчымасы" эсиңиздеби?
Олимпиадага, мектептер аралык сынактарга жогорку класстын окуучулары катышат. Мугалимдер алар менен чоң кишилер менен сүйлөшкөндөй сүйлөшүүгө аракет кылышат. Кыз, жигит жандап калган окуучуларга оюн-чындан аралаштырып "Оозуңду ачып кыздарды карап жүрө бербе" деген тамаша мугалимдер тарабынан көп айтылары бышык.
Кийинки суроо
Шпаргалка даярдап келдиңерби?
Бөлөк-бөтөн мектепте бул жактагы кыялыңарды көрсөтпөгүлө.
Башка мектептин сулуу кыздарын же жигиттерин карап атып, башыңарды жоготуп жеңилип келбегиле.
Сабактагы жетишкендиктери канааттандырарлык эмес, жалкоо окуучуга мугалим:
Мугалимдер эч качан окуучусуна жамандык каалабайт. Мал багууну же оор жумуш жасаган кесиптин ээлерин аларды кемсинтүү иретинде эмес, окубасаң жаныңа күч келип, оор жумуштарды жасап каласың деген мааниде айтышат. Тилекке каршы бул сөздү учурунда эмес, кийин түшүнөбүз.
Кийинки суроо
Сен ийгилик жаратсаң сүйүнөм.
Сенден жакшы окуучу чыгат деп ишенем.
Сен эптеп 11ди бүтүп эле үйлөнүп, тоого чыгып мал бак, койчу бол...
"Ай шамал-шамал, бузба чачымды, Мен сабакка барам жазып катымды. Балким өзү сезээр, мейли сезбесе, Аягына каттын жазбайм атымды". Бул ыр саптары кайсы предметтин мугалимине арналган?
Ырда математика сабагына ашык болгон студенттин сүйүүсү тууралуу айтылат.
Кийинки суроо
Физика
Математика
Тарых
Класс жетекчи алгебра же адабият сабагынан берген мугалим болсо, анда бул сабактар кандай тартипте өтөт?
Мугалимдер үчүн предметтик сабактардан тышкары класстык саат же тарбия сааттары бөлүнүп берилет. Бирок бардык нерсе бул сааттарда айтылуусуна же аткарылуусуна убакыт жетишпей калат. Айрым мугалимдер өз классына сабак өткөнү келгенде коомдук иштерге же класстык жыйымдарга алаксып кеткен учурлары көп кездешет.
Кийинки суроо
"Китептин акчасын чогулткула. Тартибиңер начар, класстын рейтинги түшүп жатат. Силер үчүн директордон тил угуп жатам" деген сөздөр менен өтөт.
Ал сабак такыр эле өтүлбөй калат.
Класстагы окуучуларды бул сабактан көтөрмөлөп чейрек чыгарат.
Көп жылдык тажрыйбасы бар мугалим. Ал бир нече муунду окуткан. Эгер класс тынчтанбай жатса кайсы сөздү көп айтат?
Бир нече жылдык тажрыйбасы бар мугалимдер силердей болгон тентек классты көп эле жолу башынан өткөргөн болот. Ал тургай ал сөздү бардык эле класска жана жыл сайын деле айткан болушу мүмкүн.
Кийинки суроо
"Баарыңар тизилгиле, директорго киребиз".
"Класс жетекчиңерге арызданам".
"Ушул кезге чейин силердей тентек классты көргөн эмесмин".
"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?
Сиздин упайыңыз
70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
80балл. Биздин класс жетекси физикадан сабак берет эле. Байкуш эжеке ушундан коро 1-класс болсо окуп угушат эле деп уркшат эле. Алтын эжекем. Коргон жерде кучактап бетимен ооп учурашат. Баардык эжекелер ошондой. Кызым деп турушат.
Ушинтип сокчу эжейлер.
балл