Ош. “Жылмаюу” коомдук фонду шаардагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды колдоо үчүн чакан гранттарды берүүдө
“Жылмаюу” коомдук фондунун “Бирге окуп-жашайбыз” долбоорунун алкагында Ош шаарындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга кичи гранттарды алуу боюнча сертификаттар тапшырылды. Айта кетсек, аталган долбоордун алкагында мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана алардын ата-энелери арасында бизнес-план боюнча окуу курстары өткөрүлгөн. “Бүгүн 200 доллар өлчөмүндөгү кичи гранттарды сынактын 5 жеңүүчүсүнө тапшырабыз. Бул каражат зарыл болгон материалдарды алууга жана балдардын бизнес-долбоорун ишке ашырууга жумшалат. Мисалы, кээ бир балдар шириндиктердин кутучаларын жасоо өңдүү жаңы долбоорлорду сунушташууда”,- дейт аталган фонддун жетекчиси Элмира Умарова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:55
2025-07-10

Рейтинг:
2

