super.kg logo

Бишкекте өрттөнгөн бала бакчанын тарбиячысы: "Биринчи эле балдарды куткаруу керек деген ой келди" (бийиктиктен тартылган видео)

 

Бүгүн, 10-октябрда Бишкектин Көк-Жар конушунда бала бакча өрттөндү. Өрт чыккан учурда балдар жаңы эле уйкудан ойгонушкан. Бала бакчанын тарбиячысы Олеся Петрачкова коркунучтуу тасмадагы көрүнүштөр өзүнүн жашоосунда орун алгандай болгонун SUPER.KG порталына айтып берди.

"Биздин бала бакчада 6 тайпада балдар тарбияланат. Ошол учурда абдан коркунучтуу болду, бирок акыл эсти токтотуп, ызы-чууга алдырбай балдарды куткарууну баштадык. Баарыбыздын оюбуз балдарды аман-эсен сыртка чыгаруу болуп, болгон аракетибизди көрдүк", - деди ал.

Өрт короодо жайгашкан электр подстанциясынан улам чыгышы мүмкүн деп болжолдонуп жатканын өрт өчүрүү кызматынын өкүлү белгиледи. Жалпысынан кырсык болгон жерге 3 бригада тартылган. Балдар коңшу жашаган үйгө эвакуацияланган. Балдарды өрт болуп жаткан жерден чыгарууга коңшулар да ыкчам кол кабыш кылып, натыйжада бардык бөбөктөр жана кызматкерлер аман.

Толугу менен видеорепортажда.






Бишкекте бала бакча өрттөндү. Күбө ал учурда балдар жаңы уйкудан ойгонушканын айтат

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
10.10.2019. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудай сактаптыр бейкүнөө наристелерди.Келечегиңер кең болсун бөөдө кырсыктан сырт болгула.
SUPER.KG видео
11.10.2019. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коз жашсыз корууго мумкун эмес балдарды куткарган жана куткарууга жардам берген инсандардан Аллах ыраазы болсун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: