super.kg logo

Аида Салянова: "Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө бердим деп эсептейм"

 

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө бергенин бүгүн, 15-октябрда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда билдирди.

Салянова райондук сотто Батукаевдин иши боюнча эмес, инисинин өлүмү боюнча процессте жүргөнүн да айтты.

"Мен Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө бердим деп эле эсептейм. Бул иште күнөөлүү адам жоопко тартылышы керек. Себеби күнөөлүү адамдын артынан канча адам жабыр тартты. Демек, жооп бериш керек. Батукаевдин иши боюнча Алмазбек Атамбаев менен беттешкенде ал адам мага каршы эч нерсе айта алган жок. Алдыда да айта албайт деп ойлойм", - деди Салянова.

Ушул жылдын 3-июнунда Аида Салянова Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча камакка алынып, 15-августта үй камагына чыккан. ИИМ баш коргоо чарасынын өзгөртүлүшү боюнча мурдагы башкы прокурор тергөө менен кызматташуу ниетин билдирди деп түшүндүргөн. Ал эми Салянова өзү бул тууралуу "Мен 73 күн камакта Атамбаевди коргогонумдан, ага жан тартканымдан отурган жокмун. Ал ага татыксыз. Менин камакта болгонумдун бир эле себеби бар - мен эч качан коррупцияга катышкан эмесмин" деп социалдык тармактагы баракчасына жазган.






27 томду түзгөн Батукаев боюнча соттук иш: Атамбаев келген жок

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(5)
15.10.2019. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Туура да бир АШАнын айынан канча адам жабыр тарты. Эми озу жооп бере турган мезгил келди.
15.10.2019. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Салянова эркек экенсиң,башкалар АЩАга каршы көрсөтмө бергенин ачык айта алышбайт.
15.10.2019. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
titanik32,Мен дагы ушул айымды баалайм кыйын акылдуу айымдардын катарын толуктайт деп ойлойм
15.10.2019. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Баарынар сасыдынар. Убагында Атамбаевти мактап жургонсунор.
Kairat1996 түзөттү 2019-10-15 22:08:19
16.10.2019. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оа да Женбеков кетесе желе сатат биз иниси уй булосу башкарыып атат деп айтчыбуз деп . азыр баары Женбеков болуп атат го 120 крыса баш болуп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: