Окуучу кыз: "Мектепке бара жатсам бейтааныш эркек киши подъездге алып кирип, зордуктоого аракет жасады"





Акыркы учурларда өспүрүм кыздарга жана аялдарга болгон зордук-зомбулук көрсөтүү темасы абдан курч айтылып келгенине карабастан, сексуалдык мүнөздөгү кылмыштардын саны күн санап өсүүдө. Бүгүнкү каарманым 17 жашта 11-класстын окуучусу. Аны 2019-жылдын 8-октябрда эртең мененки саат 09:00 чамасында Кант шаарында ал окуган мектепке жакын жайгашкан үйлөрдүн жанынан белгисиз адам зордуктоого аракет жасаган.
"Мен 17 жаштамын Кант шаарындагы №4 мектеп гимназиясында окуйм. Бул окуя шейшембиде 8-октябрда болду. Мен мектепке бара жатып, жолдон дүкөнгө кире кетейин дегем. Ошол жакта үйдүн алдында бир киши турган экен. Ал мени токтотуп колундагы телефонун берип мага SMS жаз деди. Мен жок дедим. Ал мени колумдан кармап подъездге тартып жөнөдү. Мен жардам сурап кыйкырып жаттым, бирок көчөдө да, подъездде да эч ким жок экен. Кыйкырсаң өлтүрөм деп оозумду колу менен жаап салды. Мен болбой эле кыйкырып жаттым, мени чечиндирип, өзү да чечине баштады. Бир убакта үстүңкү кабаттан батирлердин биринин эшиги ачылды, ал мени кийин деди дагы өзү кийинип, сыртка алып чыкты. Үйдүн астында отургуч бар болчу. Ал жерге отургузуп менден "Атың ким? Каякта жашайсың? Эмнеге мени укпай жатасың?" деп сурай баштады. Ошол учурда аллеядан бир аял өтүп баратты. Эже мени зордуктаганы жатат жардам бериңизчи десем, кайдыгер мамиле жасап койду. Аргам кетип кыйкырдым, ошондо ал эже артка карап, "эмне кылып жатасың" деп ал кишиге кайрылды".
"Ошол эркек киши эже менен сүйлөшүп жатканда мен качып кеттим, мектепке жетип эле апама чалдым. Окуяны айтып бердим. Терезеден карасам ал мени мектептин айланасынан издеп жатыптыр. Эжем, агам келди. Мени машинага калтырып аны издей башташты. Алтынчы үйдүн жанынан кармашыптыр. Агам менен мушташып, өзүнүн телефону калып, агамдын телефонун алып качып кетиптир. Ал учурда эжем аны сүрөткө тартууга жетишип калган."
Окуучу кыз окуя боюнча милицияга арыз жазылганын, бирок кылмышка шектүү жаран дагы деле эркиндикте экенин билдирди.
"Баарынан мени таң калтырганы мектепте мугалимдер, директор жана окуу бөлүмүнүн башчысы тескерисинче ачык кийинет деп бул окуяда мени күнөлүү кылып көрсөткүсү келиптир. Эч кимдин башына салбасын, бирок кепилдик жок. Мен баарын чакырат элем, ушундай окуяларга күбө болгондор жардам сурагандарга кайдыгер карабагыла. Өзүңөр жардам бере албасаңар, башка бирөөнү чакырып койгула.
"Милицияга арыз жаздык апам, агам, эжем баарыбыз сурак бердик. Аны дагы деле кармаша элек", - деди ал.
Бул окуя боюнча иштин жүрүүсүн тактоо үчүн Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгына байланышканыбызда маалымат кызматы окуяга жооптуу тергөөчү телефонго жооп бербей жатканын айтты.
"Подъездге алып кирип зордуктамакчы болду" дейт окуучу кыз









1 |