Кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча соттук отурум 15-ноябрда башталат
Бүгүн, 16-октябрда Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча соттук уктуруулар өттү. Сот процесси жабык эшик артында болду. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.
“Коррупция беренеси боюнча жүрүп жаткан соттук уктурууда төрт адамдын иши каралды. Алар Атамбаев, Жолдубаева, Раимжанов жана Качкыналиев. Анда тараптардын жактоочулары сотко өтүнүчтөрүн билдирди. Жактоочулар кылмыш ишинин материалдарын ачыктоо жана иштин материалдарынан Жогорку Сотто каралуучу далилдерди алып таштоо боюнча өтүнүчтөрүн билдиришти. Сот тараптардын жүйөлөрүн угуп, өтүнүчтөрүн кабыл алган жок", - дешти маалымат кызматынан.
Соттук отурум 15-ноябрга белгиленди. Процесс жабык эшик артында өтөт деген чечим чыкты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
altyn-kumush

17.10.2019. 09:11
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айрым маалыматтарга караганда Атамбаевдин уулу Кадырбек Түркиянын жогорку окуу жайларнын биринде билим алып жүргөн учурда чечен селкиси менен таанышып, мамилеси жакындап отуруп чечендерде жок салтты б.а. экөө никелешпей туруп, төшөктө болуп кыз кыздык белгисинен ажырайт. Кыздын туугандары билип калып Кадырды керек болсо өлтүрүүгө аракет кылат. Атамбаев чечендерден кутулуу үчүн Батукаевди мыйзамсыз бошотуп жиберген.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.