"Агабызды өлтүрүп, өрттөп салышкан" деген үй-бүлө окуя болгон жерди көрсөттү




SUPER.KG порталынын SUPER.TV бөлүмүнө "3 жарым жыл мурун уулумду өлтүрүп, өрттөп салган шектүүлөргө сот адилетсиз чечим чыгарды" деген Токмок шаарынын тургуну Гүлмира Жаркынбаеванын акыйкаттык издеп, коомчулукка кайрылуусу жайгаштырылган. Биз окуянын чоо-жайы менен жеринен таанышуу үчүн Токмок шаарына бардык.
Маркумдун карындашы Жамиля Жаркынбаева агасынын мыкаачылык менен өрттөлгөн денеси табылган кичи автобус азыркы учурда токтоп турган жерге алынып келинген. Ал арадан 3 жарым жыл өткөнүн, соттун шектүүлөргө карата адилетсиз чечим чыгарганын айтып, бул абалга жүрөктөрү сыздап турганын белгиледи.
"Бул агамдын өрттөлгөн унаасы, турганына 3 жарым жыл болду. Сөөктү айдоочу отурган тарабынан табышкан. Башы педаль тарапта ал эми буту отургуч жагында болгон экен. Унаа баткакка түшкөндүктөн, чекесинин бир аз жери анан сакалынын бир аз бөлүгү күйбөй калыптыр. Айып аянтчасына алып келгенден кийин унааны көргөм. Ошондо ичинен алакандай эт таап алдым. Бутунун бир бөлүгү окшойт. Ушунчалык жаман күйүптүр. Соттор улам-улам жылдырып жатып, аягы ушундай адилетсиз чечим менен бүттү. Арадан убакыт өтсө да баары бир кан коё бербейт деп коюшат экен. Ошого карабай эле агамды өлтүргөндөр камалышса, апамдын күнү-түнү ыйлаган ыйы басылабы деп ойлойм", - деди ал.
Өрттөнгөн кичи автобустан ичинен Жакшылык Дүйшөналиевдин таанылгыс абалдагы жансыз денеси 2016-жылдын 13-июнунда Кегети капчыгайына бараткан жолдун четинен табылган.
Азат Асаналиев кайын агасы Жакшылык Дүйшөналиевдин өрттөлгөн денеси унаасы менен табылганда баргандардын бири. Ал жетиштүү далилдер турса да, Жогорку Сот далил жетиштүү экенин айтып турса да Токмок шаардык соту далил жетишсиз деп, акыйкатсыз чечим кабыл алды деп кейиди.
"Кайын агамдын өрттөлгөн сөөгү менен унаасын 2016-жылы 13-июнь күнү кечинде тапканбыз, 14-июнда күндүз айып аянтчасына алып келгенбиз. Унаа тумшугу менен баткакка сайылып калган, ошол үчүн алды бир аз күйбөй калган экен. Унаанын алды пластик болот да, ал аябай катуу күйгөндүктөн, жансыз денеси да толук күйүп кеткен. Унааны биринчи малчылар көрүп калган экен. Сөөктү байкаган деле эмесмин анан балдар мына сөөк жатат дегенде көрүп башкача болуп кеттим. Кылмышка шектелген аял түнкү саат 3-4ттө Кегети капчыгайында эмне кылып жүрөт, эмнеге анын бут кийиминин издери окуя болгон жерден табылат? Ушунча далил турса, Жогорку Сот далил жетиштүү экенин айтып жатса, анан билбейм биздин сот эмнени карап койду", - дейт маркумдун күйөө баласы.
Экинчи тараптын пикирин угуу үчүн бул иште соттолгондордун үйү деп айтылган маалымат боюнча ал дарекке барганыбызда ал жерде жашагандар өзүлөрүн ижарачыларбыз деп тааныштырып, үй кожоюунун байланыш номерлерин бере албастыгын айтышты. SUPER.KG бул окуяга тиешелүү башка тараптардын да пикирин угууга даяр жана кийинки берүүлөрдө дагы кайрылып келет.
Агабызды өлтүрүп өрттөп салышкан деген үй-бүлө окуя болгон жерди көрсөттү

Мейли бул дуйно до качып тозуп кутулуп кетет,аа чындыгында кийинки жашоосун ойлобойт.Алла Тааламын астында бул аял кантип жооб берер экен.Кудайым андан сурагын ОЗУ алат буйруса.