super.kg logo

Бишкек мэриясы: "Бишкек шаары кышка 90 пайыз даяр" (видео)

 

Бишкек шаардык кеңештин турак жай-коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясы Жумабек Салымбековдун төрагалыгы астында 2019-2020-жылга карата күзгү-кышкы даярдыктар жөнүндө жыйын өтүүдө.

Жыйынга Бишкек шаарынын вице-мэрлери, район башчылары жана шаардык чарба департаменти жана бир нече бул тармакка тиешелүү кызматтардын жетекчилери катышууда.

Туруктуу комиссиянын төрагасы Жумабек Салымбеков кышка болгон даярдыктар тууралуу айтып берди. Анын пикиринде, Бишкек шаары учурда 90 пайызга кышка даяр.

"Учурда тиешелүү тараптарды чакырып, кышка болгон даярдыкты талкуулап жатабыз. Учурда Бишкек шаары 90 пайызга кышка даяр. Кыш келе элек болгондуктан, суук түшкөнгө чейин шаар 100 пайызга даяр болот деп турабыз. Муктаж үй-бүлөлөргө акысыз көмүр, отундарды жеткирүү каралууда", - деди Салымбеков.






Салымбеков: "Бишкек шаары кышка 90 пайыз даяр"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: