super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов Монголиядагы иш сапарында ФИФАнын президенти Жанни Инфантино менен жолугушту

 


Кыргыз футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов Монголияга болгон иш сапарында ФИФАнын президенти Жанни Инфантино менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынан маалымдалды.

Жолугушууда президенттер мындан аркы кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү боюнча бир катар маселелерди талкуулашты. Ошондой эле Жанни Инфантино Кыргыз өлкөсүндөгү футболдун өнүгүшүндөгү алгылыктуу жылыштарды белгилеп, жакын арада Кыргыз өлкөсүнө келе турган каалоосун билдирген.


Канатбек Маматов Франция улуттук курама командасынын мурдагы жарым коргоочусу, азыркы тапта ФИФА фондунун социалдык долбоорлору боюнча жетекчиси Юрий Жоркаефф менен дагы жолугушкан. Канатбек Маматов өз сөзүндө "Легендалар" программасынын негизинде дүйнөлүк футбол жылдыздарын Кыргыз өлкөсүнө келүүнү жандандыралы деген пикирин айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.10.2019. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Стадионду суйлошкуло тездетели. Президент да айтты эле спонсор табып койдум деп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: