super.kg logo

Жалал-Абадда бири-бирин жактырган эки окуучу асынып алды

 

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 9-класста окуган бала асынып алганы боюнча маалымат Аксы РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 9-октябрь күнү келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам топ өспүрүм өз үйүнүн мал сарайында асынып алганын аныкташкан. Денеге алгачкы кароо жүргүзүшкөндө күч колдонуу белгилери болгон эмес. Маалыматты Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдирип, буларга токтолду.

"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине өзүн-өзү өлтүрүү менен катталган. Териштирүү иштеринде мектептин мугалими маркумдун уюлдук телефонун сабак убагында колдонгондуктан, алып койгон. Ал "ата-энеңди чакырып кел, эмне себептен телефонду колдонуп жатасың?" деп, ага түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Кийин окуучу мектептен чыгып, досуна "көйгөйлөр көбөйүп кетти" деп айткан.

Окуучу болжол менен саат 14:00дө асынган. Ата-энеси бул окуя боюнча эч кимге доо арызы жок экенин айтып, арыз жазуудан баш тарткан. Ошондой эле баланын денесине медициналык кароо жүргүзүүдөн дагы баш тартышкан", - деп билдирет Жалал-Абад ОИИБи.

Ошондой эле асынып алуу фактысы 11-октябрь күнү Таш-Көмүр ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө келип түшкөн. Анда 16 жаштагы кыз өзүнүн мал сарайында асынып алганы аныкталган. Бул факты дагы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери жүргөн.

"Окуучу кыздын ата-энеси дагы эч кимге доо арызы жок экенин билдирген. Ошондой эле кыздын жанынан кат табылган. Катта кыз апасынан кечирим сурап, каза болгон баланын артынан кеттим деп жазган. Кийинчерээк кыз менен бала сүйлөшүп жүргөнү аныкталган", - деди басма сөз кызматынын өкүлү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(7)
17.10.2019. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Кудай сактаа... Жаткан жерлери жайлуу болсун... Каяка шашышат дейм да... Жаман иш болуптур...
17.10.2019. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Аа эшектер десе, башка сөз жок каап.....
Bazana түзөттү 2019-10-17 18:18:51
18.10.2019. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Bazana,олгон адам артынан жаман соз айтбайт! Эшек болуп сенин короонду тебелешти беле?
17.10.2019. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кудай ушундай кырсыктан сактасын.
17.10.2019. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ооба, дуйно озгоруудо! Техника онугуп,жаштардын акыл-эси,ой-жугуртуусу таптакыр бузулду. Бирок, болбогон нерселер учун тез ачууланып, бирин-бири же озун озу олтургон жаштары бар Кыргыздын келечеги эмне болот? Туугандар, балдарыбызга токтоо жашына чыкканча жоопкерчиликтуу ээ чыгалы. Ата-эненин, ага-эженин бул жерде кичуулордун тарбиясынан жоопкерчилигибиз бар. Жаштарыбызга ким экенибизди, кайдан келгенибизди,кобуроок уйротолук. Кыргыз экенин унутушуна жол бербейик!
keku00 түзөттү 2019-10-17 21:38:21
18.10.2019. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман иш болуптур.
Ата эне жакындарыңарды күйүткө салбай ойлонсоңор болмок.
Жайы Жаннатта болсун.
18.10.2019. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо жигит 9-кл Кыз 11-кл болгонкенда э?
Суйуу суйуу жашка карабайт болуп койгойу ошолго деим
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: