"Эки дөө кагышса, ортодо чымын өлөт". Кой-Ташта каза болгон спецназдын өлүмүнө шектүү жарандын аялы акыйкат издейт

7-август күнү Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында спецназдар менен экс-президенттин тарапташтарынын ортосунда жаңжал чыккан. Мындан улам спецназ Үсөнбек Ниязбеков каза болгон. 14-августта Үсөнбек Ниязбековдун өлүмүнө шектүү катары 30 жаштагы Рысбек Карыпбек уулу аттуу жаран кармалган. Жолдошум "эки дөө кармашса, ортосунда чымын өлөт" болуп, курмандыкка чабылды деген шектүүнүн жубайы Бактынур Абылазиз кызы SUPER.KG порталына кайрылды.
Анын айтымында, жолдошу 6-августта КСДПнын өкүлү Алга Кылычовдун жеке айдоочусу катары жумушка кирген.
"5-августка чейин жолдошум Балыкчы шаарында эле таксист болуп иштеп жүргөн. Ага чейин Орусияда иштечүбүз. Апрель айында балабыз ооруп, ошого байланыштуу келгенбиз. Балыкчыда таксист болуп иштеп, күнүнө 300-400 сомдой акча тапчу. Телефонубузга 4-августта тааныш эмес номер чалганынан алган эмесмин. Кечке жакын дагы чалганда Рысбек алыптыр. Көрсө ал Алга Кылычов экен. Ал киши биз Лахол айылында жашап жүргөндө кошунабыз эле. Ал Рысбекти жумушка чакырыптыр. Ошентип күйөөм 5-август күнү кечинде Бишкекке кетип, 6-августта жумушка чыкты. Бирок бизде ал Кой-Таш айылына барып иштей турганы боюнча маалымат жок болчу. Жада калса жолдошум өзү билген эмес. 7-августта телефондо бир аз сүйлөштүк. Интернет өчүп, байланыш үзүлүп жаткандыктан, сүйлөшө албай койдук. Ошону менен 10-августта УКМКда суракта жүргөнүн айтып, телефон чалды. Бирок ал сурак эле болуп жатканын айтып, "буюрса барам" деген".
Бактынур Абылазиз кызынын айтымында, жолдошу ага 12-августта телефон чалып, каза болгон Үсөнбек Ниязбековдун өлүмүнө шектүү катары сурак берип жатканын кабарлаган.
"15-августта жолдошумдун баш коргоо чарасын сот карап, бизди чакырды. Кебетеси кетип калыптыр, биз ошондо эле ага кыйноолор болгонун билдик. Ошол күндөн кийин күйөөмдү 30-сентябрда баш коргоо чарасын узартуу мөөнөтү боюнча сотто көрдүм. Сот 9-декабрга чейин камакка калтыруу чечимин чыгарды. Биздин үй-бүлөдө азыр эч ким иштебейт. Себеби кайната менен кайненем экөө тең ооруйт. Пенсиялары өздөрүнүн дары дармегинен ашпайт. Жакында эле балама операция жасаттым. Азыр аны карап мен да үйдө отурам. Жолдошума жактоочу жалдап, Бишкекке келип кеткен чыгымдарга азыр туугандарыбыз жардам берип жатат. Бирок кечке эле алар деле жардам бере бербейт да. Жолдошум деле айдоочулук кызматка бир аз да болсо айлык жакшы болот деген үмүт менен кирген эле. Себеби Балыкчыда таксисттердин жумушу 20-августтан кийин токтойт. Буга чейин болсо Москва шаарында иштеп жүрдүк. Балдарыбызды кайын журт багып келди. Биз деле өз өлкөбүзгө барып, балдарды өзүбүз карап, окуталы деп келгенбиз", - деди ал.
Учурда камакта шектүү катары кармалып турган Рысбек Карыпбек уулунун агасы Нурбек Исмаилов инисин 3 айдан бери бир да далили жок кармап турганын айтат.
"Рысбектин эч кандай күнөөсү жок. Тергөөдө инимди автоматты карматып, октоттуруп көрүп, сен автомат кармаганды билет турбайсыңбы, демек, сен аттың деп күнөөлөп жатышыптыр. Иним армияга барган. Азыр аскерге барган бардык балдар автоматты кармаганды, октогонду билишет да. Ал эми иним 7-8-август күндөрү Алга Кылычовду ары-бери ташып жүргөм дейт. Ал өз сөзүндө таш эмес таяк кармаган эмесмин дейт. Иниме каршы көрсөтмөнү барымтага алынган спецназдар берген экен. Алардын көрсөтмөсүндө сакалчан бирөө аралашып жүргөн, ошондон шек санап жатабыз деген экен. Иним сакалчан экени чын. Бирок ал күнү ал жерде канча деген адамдар, анын ичинен сакалы барлар да жүрдү да. Же жалгыз менин инимдики бар бекен? Бизди дагы ошол көрсөтмө берген спецназдар менен жолуктурбай жатат. Жок эле дегенде иним саясат боюнча түшүнүгү болсочу? Ал шаарда, Кой-Ташта эмне болуп жатканы боюнча кабары да болгон эмес. Мен инимдин киши өлтүргөнүнө ишенбейм, ал андай адам эмес. Анын моюнунда 7 адамды багыш керек деген ойдон башка эч нерсе болгон эмес.
Иним азыр СИЗОдо. Бирок биз аны менен бир дагы жолу жолуга албай жатабыз. Тергөөчүгө телефон чалсаң эле башчыбыз уруксат бербей жатат дейт. Биз арыз да жаздык. Бирок жыйынтык жок", - деди Нурбек Исмаилов.
Шектүүнүн жакындары азыркы бийлик өкүлдөрүнөн акыйкат чечим гана күтүшөрүн жана алардын күткөнү Рысбек Карыпбек уулу аман-эсен эркиндикке чыгуусу.
Кой-Ташта каза болгон спецназдын өлүмүнө шектелип кармалган жарандын аялы президентке кайрылды

Атамбаевди Батукаевды мыйзамсыз бошоткон деп куноолоп атат,кубо катары сурака чакырса барбай атат,анан эмне кылыш керек эле сен ушуга жооп берчи? Барбайт экен деп унчукпай отура бериш керекпи же ал башкача адамбы сурака барбагыдай? Атамбаевди жактагандар жооп бергилечи менин суроомо?
эми чыгар дейсин
билим алыныз эжеке