super.kg logo

ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын кызматкерлери кармалды

 

Бүгүн, 17-октябрда ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Ага ылайык, жеке ишкер П.Р. укук коргоо органдарына анын бизнесин рейдерлик менен басып алуу аракеттери жүргөнүн айтып кайрылган. Анда "Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын айрым кызматкерлери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталган. Натыйжада П.Р анын мурунку жубайы П.В.нын буюртмасы менен куугунтуктоого кабылган. 2019-жылдын февраль айында жогоруда айтылган баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын кызматкерлери П.В убадалаган сыйлык акыны алуу үчүн жабырлануучунун автоунаасына 32 грамм гашиш баңги затын таштаган. Жыйынтыгында П.Р баңгизат сактоого шектүү болуп кармалган", - деп айтылат маалыматта.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында шектүүлөр Ч.Д менен Б.У. убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
17.10.2019. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кыргызстандын жаратылышы соонун жонокой эли дагы жакшы адамдар, бирок бийлик менен куч органдарында айбандар эле олтурушат.бизнес кылган дагы опасно черныйлар же менттер келип доля сурай беришет.кантип кутулабыз ушул жексурлардан ????!!!!
18.10.2019. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
TalaCSKA,Ким Акча берсе,ошону шайлап койобуз дегин.
Bekturbek түзөттү 2019-10-18 02:01:29
18.10.2019. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол милициялар , черныйлар, депутат министирлер, уурулар, кылмышкерлер баардыгы элдин ичинен чыгат... Эч ким мен кылдым, ушинттим деп айтпайт... Энелер балдары адам олтургуч болсо да актай беришет... Бул калп же чын да болуп калышы мумкун... Азыр арызданып интернетке мени урду, кыйнады деп чыга койсо эле тигилеринин устунон басып жатып калышат... Не болсо да аман эле болгулачы... Тигинин аялынын заказын аткарганы чындыка жатпайт го дейм...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: