"Буга кандай карайсың, Илон Маск?". Америкалык миллиардер ишкерлердин өзгөчө чакыруусунан улам Орусиядагы форумга катышат

SpaceX компаниясынын башчысы, миллиардер Илон Маск Орусиянын Краснодарында өтө турган кичи жана орто бизнеске арналган форумга катышат. Маск бизнес-форумга видео аркылуу катышат.
Буга чейин орусиялык ишкерлер Калифорниядагы Илон Масктын кеңсесинин жанына жарнамалык баннер илип коюшкан. Анда "Kak tebe takoe, Elon Musk?" деген жазуу жана Краснодарда боло турган бизнес-форумдун интернет-сайты жазылган. Маск бул жарнамалык баннерди көргөндүгүн билдирген.
Аталган бизнес-форум 18-октябрда башталып, ага 25 миңден ашык ишкерлердин катышуусу күтүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.