super.kg logo

Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоногон деген шектүүгө дагы бир айып коюлуп жатат

 

Ырчы Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоногон шектүүгө дагы бир айып кошулду.

Бул тууралуу SUPER.KG порталына айыпталуучунун апасы Жыпаркүл Иманкалиева айтып берди.

"Ушул жумада уулумду экспертизанын жыйынтыгы чыкса эле абактан чыгарабыз деп айтышкан. Алар ыйлабай туруңуз жакшы кабар айтабыз дешти эле. Кечээ кечинде жактоочуну чакырып эле ызы-чуу түшүп калышты. Мен баламды бошоткону жаткан экен деп барсам, кайдан алар уулумду бошотпой эле кайра эле жаңы кылмышты илгени жатышыптыр. Анткени тиги уурдаганы акталып чыгып калды да. Алар ойлонуп баламды чыгарбоонун айласын кылып, 2018-жылы башка бирөөнүн үйүнө киргенсиң, уруулук кылгансың, ошол жерде ноутбук жана телефон уурдалган деп айып коюшуптур", - деди Иманкалиева.

Анын айтымында, 16-октябрда тергөөчү Октябрь РИИБине чакырган. Анда шектүүгө 2018-жылы тонолгон батир боюнча кылмыш иши козголуп жатканы тууралуу билдирүүнү берген.

Буга чейин Жыпаркүл Иманкалиева эч кимге ишенбестигин, бир гана үмүтү президентте калганын айтып, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу катын жазган.

Эскерте кетсек, буга чейин Октябрь РИИБине Мирбек Атабековдун апасы кайрылып, 2019-жылдын 6-майга караган түнү саат 01:45 чамасында үйүнө бет капчан уруу кирип, 60 миң доллар жана алтын жасалгаларды уурдап кеткенин айтып, арыз менен кайрылган. Бул факт Жазык кодексиндеги 202-берене (каракчылык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ал эми 29-августта шектүүлөрдүн бирөөсү 1995-жылы туулган Б.М. кармалган.






Атабековдун апасынын үйүн тоногонго шектүү дагы бир үйгө уурулукка киргенби?

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(7)
18.10.2019. 08:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Мойнуна койдуруп коет кыйнай берип.
18.10.2019. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
А кмактар. Неге президент унчукпайт. Эмнеге биздин олкодо жонокой адамдврдын укугу жон эле тебелене берет??? Качан онолобуз????
18.10.2019. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мирбек,акмак экенсин. Неге тосмо арыз жазбайсын??? Сени дагы камаш керек,жалган жалаа жапканын учун
18.10.2019. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
katerina.li,бул жерде Мирбектин тиешеси жок милициялар кылып атпайбы, бирок Мирбек да унчукпай отурбай бир эки ооз суйлоп койсо болмок
18.10.2019. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Чоң кызматагыларды бей күнөө камаган карапайым адамдарды жөн эле уруп жүрүп бирөөлөрдүн күнөөсүн илип камап салышат бей күнө жүздөгөн адамдар абакта жатышат.
18.10.2019. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
2018-жылкы кылмыштын бетин ачканы атышабы? пфф))
Биздин криминалистер боп кетиптир анда жарым саат мурун кылмыш кылган адамды таппай калышчуу эле бир жыл баштагыны тапса...))
18.10.2019. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ак ийилет бирок сынбаш керек. Карандай дооматтан сакта Кудайым.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: