super.kg logo

Октябрь РИИБи: "Атабековдун апасынын үйүнө уурулукка киргенге шектүүгө дагы бир айып ага каршы көрсөтмө берилгенден кийин тагылды"

 

Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоноого шектелип кармалган жаранга уурулук боюнча дагы бир айып тагылганын шектүүнүн апасы билдирген болчу. Ал эми 2018-жылдын 24-декабрында Кара-Жыгач конушундагы үйдө болгон уурулукка катыштыгы бар деп айыпталууда. Бул маалыматты Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан ырастады.

"2018-жылдын 24-декабрында жазуу жүзүндөгү арызы менен Октябрь РИИБине Т.Ж аттууу жаран кайрылган. Ал 2018-жылдын 24-декабрында эртең мененки саат 8ден 12ге чейинки убакыт аралыгында Кара-Жыгач конушундагы жеке менчик үйүнөн "Самсунг" үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана "АСЕR" үлгүсүндөгү ноутбугун уурдап кеткени боюнча айтып кайрылган. Уурдалган телефондун баасы 13 миң 8 жүз сом болсо, ноутбуктун баасы 28 миң сом болгон. Буюмдарды алгандан кийин алар белгисиз тараптарга из жашырып кеткен. Мындан улам жабырлануучу 41800 сом өлчөмүндө зыянга учураган.

Мындан тышкары, 24-октябрда Октябрь РИИБине ошол эле жылдын ошол эле күнүндө С.Ж. аттуу жаран анын үйүнө белгисиз жарандар кирип, баалуу буюмдарын уурдап кеткенин айтып, арыз менен кайрылган. Окуя орун алары менен жеринен 1996-жылы туулган Д.Н. аттуу жаран кармалып, Октябрь РИИБине алып келинген.

Сурактын жүрүшүндө, окуяга шектелип кармалган Д.Н аттуу жаран талап-тоноочулукту жалгыз кылбаганын, анын шериги учурда ырчы Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоноого шектелип жаткан Б.М дагы көмөкчү болгонун айтып берген. Аталган окуя боюнча Октябрь РИИБи тарабынан Кыргыз өлкөсүнүн Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесине (уурулук) ылайык кылмыш иши козголгон. Учурда бул боюнча иликтөө иштери уланууда", - деп айтылат Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн билдирүүсүндө.

Эскерте кетсек, буга чейин Октябрь РИИБине Мирбек Атабековдун апасы кайрылып, 2019-жылдын 6-майга караган түнү саат 01:45 чамасында үйүнө бет капчан ууру кирип, 60 миң доллар жана алтын жасалгаларды уурдап кеткенин айтып, арыз менен кайрылган. Бул факт Жазык кодексиндеги 202-берене (каракчылык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ал эми 29-августта шектүүлөрдүн бирөөсү 1995-жылы туулган Б.М. кармалган.






Атабековдун апасынын үйүн тоногонго шектүү дагы бир үйгө уурулукка киргенби?

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
18.10.2019. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыскасы бутпос жомок, жалган жалаа.
18.10.2019. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кимисине ишенебиз. Апасы баласын коргойт да. Карга баласын аппагым дегендей. Бирок башка уурунун созуно ишенелиби? Же өздөрүн акташ үчүн баарына даяр болгон, күнөөсүздорго илдирип койгон менттерге ишенелиби?
18.10.2019. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эми Мирбектин үйүнө кирбегенин далилдей албай илгерки бирдемкелерди чукуп баштаптырда аттиң. Кыргыздын көт чукумайы канда бар экенда айла жок
18.10.2019. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Милицияга танкалап.мен дагы кафеден телефон уурдаттым,кызыгы менде видеосу бар камерага тушуп калган кантип келип кантип алып кеткенинен бери.арыз жазып видео материалды кого бергем.алар айтат 10мин сомдон ойдо болгон телефондорду Гана издейбиз дейт.а мен 2жыл мурун 11минге алгам азыр баасы тушту.ошондо ууру 8миндик телефон уурдаптыр деп издебейле койобу.менде баардык документинен бери бар телефондун.кечирим сурайм темадан сырткары жазганым учун
18.10.2019. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shabi,Анда 9,8,7 миндик телефондорду уурдай бериш керек экен да)).
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: