super.kg logo

"Мен өлтүргөн эмесмин". Адамды өлтүрүп, өрттөп салды делген аял акталды

 

Мындан бир нече күн мурда "2016-жылы уулумду өлтүрүп, өрттөп салган шектүүлөргө сот адилетсиз чечим чыгарды" деген Токмок шаарынын тургуну Гүлмира Жаркынбаева жана анын жакындары акыйкаттык издеп, коомчулукка кайрылган. SUPER.KG бул окуя боюнча экинчи тараптын да оюн укту.

Бурулсун Чылпакбаеванын айтымында, иниси Тургунбек Бекиш уулу экөөнүн бул кылмышка тиешеси жок. Алар тергөөчүлөрдүн катачылыгынан улам 3 жарым жыл абакта отурушкан. Ал азыркы учурда жабырлануучу тараптын өкүлдөрү өлтүрүп кетебиз деп жатышат дейт.

"Маркум Жакшылык Дүйшөналиев менен 2013-жылы таанышып калгам. Үйдү оңдоп-түзөө үчүн жумушчу керек болгондуктан, ошол убакта эки бала менен келген экен, ошондо таанышканбыз. Иним экөөбүздүн тең бул кылмышка тиешебиз да, катыштыгыбыз да жок. Биз сот адилеттүү чечим чыгарат деп эле ушул күндү күттүк. Анткени бизди камап коюп эле бизге далил издей башташты. Тергөөчүлөрдүн катачылыгынан биз ушунча жыл камакта отурдук. Ак ийилет бирок сынбайт деп акталып чыктык. Баары жасалма экенин эксперттер көрдү", - деди Чылпакбаева.

Экинчи тараптын жактоочусу Лилия Жолдошбек кызы сот адилеттүү чечим чыгарды, жабырлануучу тарап Чылпакбаевага жана анын инисине жалаң эле божомолдордун негизинде айып коюп келген деди.

"Бул иш боюнча мен жактоочу катары 2016-жылдын август айынан баштап катыша баштадым. Ал убакта менин жактоомдогу Бурулсун Чылпакбаева менен Тургунбек Бекиш уулу бир айдан бери СИЗОдо айыптоосу угулуп, иш ИИМдин башкы тергөө башкармалыгына жаңыдан кетиптир. 3 жыл 3 айдан бери бул ишти алып барып келе жатам. Негизинен менин жактоомдогу кишилердин күнөөлөрү жалаң эле божомолдордун негизинде эле айтылып келе жатат. Сот адилеттүү чечим чыгарды. Биз адилеттүүлүк үчүн күрөштүк", - деди жактоочу.






Адамды өлтүрүп, өрттөп салды делген аял: "Мен өлтүргөн эмесмин"

Автор: Амирбек Исмаилов
Оператор: Батырбек Зарлыков
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
18.10.2019. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Машинанын тегерегинде ушул аялдын изи бар экен деп чыкты элего эксперт. Кудай жалган жалаадан сактасын. Ак болсо аман эсен чыксын. Эч сынтага албайм эч кимге
19.10.2019. 08:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Арыз жазгыла анда ушунча жыл куноосу жок отурганынар учун кунонор жок болсо жооп беришсин ал силердин укугунар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: