Чүйдө 19 жаштагы кыз жездеси май айынан бери зордуктап жүргөнүн айтып, арыз жазды
Чүй облусунун Аламүдүн районунда 19 жаштагы кызды зордуктоого жездеси шектелүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-октябрда Аламүдүн РИИБине 19 жаштагы кыз арыз менен кайрылган. Арызда өзүнүн эжесинин күйөөсү ушул жылдын май айынан бери зордуктап келгени жазылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "зордуктоо" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Учурда ыкчам тергөө тобу арызда көрсөтүлгөн жаранды суракка алды. Бардык тийиштүү иштер аткарылып, соттук-медициналык экспертизалар дайындалды", - деп билдирет басма сөз кызматынан.
“5 айдан бери жездем зордуктап жүрдү” деген кыз милицияга кайрылды
Автор: Амирбек Исмаилов
Оператор: Батырбек Зарлыков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-07-01
8:26
2025-07-01

17:27
2025-06-30

Рейтинг:
-1

Жездең сага гүл карыз...)))