Чыпалак баатыр: "Карапайым элдин көйгөйүн чечүү үчүн шайлоого катышам"
Чыпалак баатыр каймана аты менен таанымал болгон Зарылбек Аликенов келерки парламенттик шайлоого катышканга даярданып жатканын SUPER.KGге билдирди.
"Карапайым эл өзү колдоп, шайлоого бар деп жатышат. Мен дагы алардын колдоосу менен мекен үчүн күйгөн, жүрөгү кыргыз деп соккон адамдарды чогултуп, партия түптөп, шайлоого катышууну чечтим. Партияны өзүм жетектейм. Партияга кишилер чогулгандан кийин анын атын коюп, программасын иштеп чыгабыз. Андан соң эл алдына чыгабыз. Азырынча жүрөктө жалыны бар, эл үчүн күйгөн адамдарды партияга чакырам", - деп билдирди Аликенов.
Айта кетсек, буга чейин парламенттик шайлоого катыша тургандыгын ырчы Кайрат Кыргыз да билдирген. Бирок ырчы кайсы партияга мүчө экенин айткан эмес.
Чыпалак баатыр: “Карапайым эл колдоп, шайлоого аттан деп жатат“
Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Батырбек Зарлыков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Ушу сен шайлоочуларды үркүтүп эч ким шайлоого келбей койбосо болду...
кааландай калчап