Чопо чоор кантип жасалат?
Макен Максутов: "Чопо чоор жасоо үчүн алгач чопону тазалап, электен өткөрүп алабыз. Атайын аппараттардын жардамынан кийин пластилинге окшогон ушундай чопо пайда болот"


Макен Максутов: "Чопо чоор жасоо үчүн алгач чопону тазалап, электен өткөрүп алабыз. Атайын аппараттардын жардамынан кийин пластилинге окшогон ушундай чопо пайда болот"

Чопо чоор жасоого чопо жана суу гана керек

Чопо чоор жасоонун алгачкы аракеттери

Эки четинде турган тактайлардын калыңдыгындай кылып чопону жайып алуу керек

Чопонун ортосунда аба калып калбашы үчүн ийне менен тешип чыгат

Ийленген чопонун арасында аба калып калбашы үчүн ушул ийне менен сайылат

Чопо чоордун калыбына ийленген чопо чапталат

Чопону чаптоого суу колдонулат

Калыпка чапталган чопону жылмалоо керек

Андан соң минтип кесилет

Чопо чоордун калыбын чапталган чоподон ажыратуу учуру

Кесилген жерлерди кайра суулап жабыштыруу зарыл

Тегиздөө үчүн тактай менен чапкылоодо

Музыкалык аспаптын ышкырыгы салынып жатат. Балмуздактын да таякчыларын ыргытпай ушинтип керекке жаратышат экен

Ышкырыгын тешүү учуру

Чопо чоордун үстүндө 6, алдында 1 тешик болот

Даяр болгон чопо чоорду 2 күн көлөкө жерде кургатуу зарыл

Кургаган чопо чоорлор ушул меште бышырылат

Кургаган чопо чоорлорду ушул меште 800 градус ысыктыкта бышырышат

Сатыкка даяр турган чопо чоорлор

Чопо чоорлорго улуттук орнаменттер түшүрүлөт

Ак чоподон жасалган чоор

Даяр болгон чопо чоор

Мындай сувенир түрүндөгү чоорлор да бар

Аталган музыкалык аспаптын түрлөрү

Чет мамлекеттен алынып келинген сувенир чопо чоор

Уста өзү чопо чоордо ойноону мыкты өздөштүрүптүр

Макен Максутовдун эмгегинен жаралган гүл отургузуучу идиш

Чоподон ар кандай сувенирлер жасалат

Чоподон ар кандай сувенирлер жасалат

Гүл отургузуучу идиштер

Чоподон жасалган сувенирлер

Чоподон жасалган табак

Бул буюмдардын баары чоподон жасалган
Кыргыздын улуттук музыкалык аспаптарынын бири - чопо чоордун жасалышы төмөнкү сүрөттөрдө. 8 жылдан бери чопо чоор жасоо менен алектенген Макен Максутов бул улуттук аспап экологиялык жактан таза экендигин айтат. “Чопо чоор атайын тандалган чоподон жасалат. Туздуу чопо болсо, аспап кургаганда жарылып кетет”,- деди ал. Чопонун 1 мүшөгүн 800-1000 сомдон сатып алышса, аны тазалаганда иштетүүгө мүмкүн болгон 70 пайызы калат экен. “1 мүшөк чоподон 1000дей чопо чоор жасаса болот. Кыргыздар улуттук баалуулуктарга көбүрөөк көңүл бура башташты. Негизинен чопо чоорлорду буюртма боюнча жасайбыз, баасы 500 сомдон 1000 сомго чейин. Андан сырткары ар кандай сувенирлерди да даярдайбыз”,- деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
advokatt1990

13.08.2013. 15:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат бала экен
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.