super.kg logo

ТЕСТ: Чиркин өмүр, жомогум ай... Бул телесериал эсиңиздеби? Анда тесттен өтүп, өзүңүздү сынап көрүңүз

 

"Чиркин өмүр" көпчүлүктүн көңүл борборунан орун алган сериалдардын бири. Тасма 2003-жылы КТРК аркылуу элге көрсөтүлгөн. Анда айыл элинин аруу ниети менен бирге кошуналардын бири-бирине болгон сый-урматы жана ар дайым оорду колдон, жеңилди жерден алып ынтымакта жашаган жашоосу чагылдырылган. Тарбиялык мааниси чоң бул тасмада кыргыз элинин сыймыгы болгон мыкты актёрлор Чоро Думанаев, Жандат Жаманбаева, Мукамбет Токтобаев, Бакирдин Алиев, Жаркын Балыкбаева, Мурат Мамбетов, Марат Жанталиев жана башкалар роль жараткан.

Сериал жалпы 20 сериядан турат. Тасманын сценарийин Умар Жума, Мурат Мамбетов жана Бекжан Айткулуев жазышкан. Режиссёру Бекжан Айткулуев.

Телесериалдын элге тартууланганына быйыл 16 жылдын жүзү болду. Бул тасма канчалык деңгээлде эсиңизде бар? Тесттен өтүп, өзүңүздү сынап көрүңүз.


кошулду





1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

"Чиркин өмүр" сериалында "Чоң ата, чоң апа, кемпир алам" деп Бозу менен Нурчайдын көңүлүн көтөрүп, кубаныч тартуулап, үйлөнүү тууралуу сунушун айткан небереси ким эле?

Тасмада Бозу байбичеси Нурчай менен чай ичип отурганда, небереси Медер келип, дал ушундай сөздөрүн айтат.

Кийинки суроо


Азат
Кенжебек
Медер

Тасмада ар дайым тартипти талап кылган, аскердик кийимин чечпеген, “отставить”, “молчать” сөздөрүн көп колдонгон каарман ким?

Бул сөздөр айылдагы кадырлуу аксакалдардын бири согушка катышып келген Генералга тиешелүү.

Кийинки суроо


Бозу
Генерал
Каке

“Ушундайда журт болуп туруп, бири-бирибизге жардам бербегенде, качан жардам беребиз” деген сөздү кайсы каарман көп колдонот?

Бул сөздү Бозу ар дайым кимдир-бирөөлөргө жардам керек болгон учурларда айтып отурганына күбө болобуз. Алгач эле Шажыгай байбиченин уулу Эркин абакка отуруп калганда, “эшикте байланып турган уйду сатып, акчасын пайдалан” деп айтат.

Кийинки суроо


Генерал
Бозу
Туке

Сериалда аксакалдар: Генерал, Бозу баш болуп, Жаздык, Каке төш болуп, Карачач, Зикинтай, Нурчай, Шажыгай дагы башкалар көмөкчү болуп, айылдагы маданият үйүндө 8-мартка карата кайсы спектаклды коюшат?

Айыл өкмөтү Жаздыкты чакырып, "жакында 8-март майрамы айыл элине майрамдык маанай тартууласак жакшы болмок" деп, ага майрамдык концерт уюштуруу ишин тапшырат. Ошондо Жаздык Александр Дюманын "Үч мушкетёр" спектаклин сахнага коюну пландап, ага режиссёрлук кылат.

Кийинки суроо


"Гамлет"
"Үч мушкетёр"
"Отелло"

"Үч мушкетёр" спектаклинде Бозу кайсы каармандын ролун жаратат?

"Үч мушкетёр" спектаклинде Бозу Д’Артаньяндын ролун жаратат.

Кийинки суроо


Атос
Арамис
Д’Артаньян

Каке Карачачтын бут кийимин оңдоп, аны үйүнө алып келип берет. Карачачтын үйүнөн чыгып бара жатып, Зикинтайдын келе жатканын көрүп калып, үйдүн ичиндеги эмнеге жашынып калат?

Зикинтайдан коркуп, Каке сандыкка жашынып алат.

Кийинки суроо


керебетке
сандыкка
үкөккө

Сериалда дайыма бардык нерсеге нааразы болуп, колунан гезит, башынан шляпа түшпөгөн каарманга айыл эли кандай лакап ат коюшкан?

Сериалда велосипедин сүйрөп алып, колунан гезит, башынан шляпа түшпөгөн, дайыма бардык нерсеге нааразы боло берген каарман бар. Аны айыл эли “лесепетчи” деп атап коюшкан.

Кийинки суроо


гезитчи
лесепетчи
наалыгыч

"Чиркин өмүр жомогум ай, бир кайрылган коногум ай..." Жогорудагы ырды Жаздык гитара менен кайсы окуяда аткарат?

Айылдагы мектепке жаңы мугалим болуп келген Карачачтын туулган күнү болуп, курбулары күтүлбөгөн жерден келишип, кубаныч тартуулашат. Алар чогулуп отурганда, электр жарыгы өчүп калып, Жаздыкты чакырып келет. Ошентип Жаздык меймандар менен дасторконго чогуу отуруп, дал ушул ырды гитара менен аткарып берет.

Кийинки суроо


концертте
тойдо
Карачачтын туулган күнүндө

Телесериалда Бозунун Москвадан келген небереси Медер кимдин кызына үйлөнөт?

Бозунун Москвадан келген небереси Медер айыл өкмөтүнүн кызына үйлөнөт.

Кийинки суроо


мугалимдин
дарыгердин
айыл өкмөтүнүн

Жаздыктын элден жашырып жүргөн бир өнөрү болгон. Ал өнөрдүн артынан түшүп, жакын санаалаш адамдарына күтүүсүз белек тартуулоону ойлойт. Бирок кошуналары ага чейин билип калып, сыймыктанып калышат. Ал кандай өнөр эле?

Жаздык ар дайым кечинде сүрөт тартып, өзүнүн эмгектерин чогултуп жүргөн болот. Бир күнү анын жакын адамдары Бозуга, Генералга жана башкаларга бул өнөрү маалым болот.

Кийинки суроо


сүрөтчүлүк
комузчулук
уcтачылык

Тасмада Эркин жалган жалаа менен абакка отуруп калат. Анын акталып чыгуусуна жардам берген Жаңыл деген кыз бар. Ал ким болуп иштеген?

Жаңыл журналист болуп иштейт. Эркин жанындагылардын сунушу боюнча ал журналистке кат жазат. Кат ээсине жетип, Жаңыл ошол замат бул ишти иликтеп, Эркиндин акталып чыгышына чоң көмөкчү болот.

Кийинки суроо


журналист
жактоочу
сот

"Чиркин өмүр" сериалында Шажыгай менен Нурчай шаарга келгенде телевизор көрүп отуруп, "мен ..." деп үйгө кирип, тоноп кетип жатышат, сак болуңуздар" деген маалыматты жаңылыктан угушат. Ошондо үйгө кайсы кесиптин ээси келгенде "тоногуч" деп кармап алышат

Нурчай менен Шажыгай Эркиндин иши боюнча шаарга Эгендин үйүнө келип түшөт. Ошол маалда эки байбиче үйдө жалгыз калышып, теледен жаңылыктарды көрүп олтуруп, шаарда “мен сантехникмин” деп үйгө кирип, тоноп кетип жатышат, сак болуңуздар” деген маалыматты угушат. Ошондон кийин атайын жумуш менен келген сантехникти үйгө киргизип, башка чаап, колу-бутун байлап коюшат.

Кийинки суроо


сантехник
светчи
почточу

Лесепетчи дайыма колунан түшүрбөй кайсы гезитти алып жүрөт?

Ал ар дайым "Супер-Инфо" гезитин колунан түшүрбөй алып жүрөт.

Кийинки суроо


"Супер-Инфо"
"Кыргыз туусу"
"Эркин-Тоо"

Сериалда Карачач айылга келип, айыл өкмөтү тарабынан берилген үйгө киргенде, үйдө бир кыздын сүрөтү илинип турган болот. Ал кимдин сүрөтү болгон?

Ал үйдө мурун Айкыз деген айым жашаган. Сүрөт Айкызга тиешелүү болот.

Кийинки суроо


Аккыздын
Айайкыздын
Айкыздын

Тасмада Генералдын согушта бирге болгон досу, орус генералы Белаев Иван Трофимович "Аман болсом Кыргыз өлкөсүнө барып калам" деп убада берет. Генералдын ал досу келеби?

Телесериалдын аягында Бозунун небереси Медердин үйлөнүү тою өтүп жаткан учурда Генералдын көп жылдар бою күтүп жүргөн досу келет.

Кийинки суроо


ооба
жок
генерал каза болуп калат

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(27)
31.10.2019. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
54
31.10.2019. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Тим эле болжоп туруп бассам ону туура деп 67 балл берди го))) кызыгып деле көргөн эмес элем
31.10.2019. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Aikaaaa,меники да болжол жооп болду. Коргон деле эмесмин. Коп жерин унутуп да калыпмын
31.10.2019. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
74
31.10.2019. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
47
31.10.2019. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
100 ураа
01.11.2019. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
94
01.11.2019. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Сиздин упайыңыз

87
ТУУРА ЖООП: 13
КАТА ЖООП: 2
ЖАЛПЫ: 15 СУРОО
Азаматсыз! Кыргыз кино өнөрүн аздектеген инсан окшойсуз!
01.11.2019. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Мына минус баскандар эч зерикпейт а))
Ар бир тестке кирип минустарын аябайт.
Баарынарга плуууус басып койдум))
01.11.2019. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
60
01.11.2019. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
60.. болот
01.11.2019. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Минус баспагыла-эү
01.11.2019. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
74
01.11.2019. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Ошол күндөрдү бир эстеп алдым. Бир сонун мезгил эле ошол маал. Мен анда 8 класста окучу элем. Биздин айыл жактан тарткан.
01.11.2019. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
60 унутуп калыптырмын
01.11.2019. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
80 мен муну жатагандай эле коргом )))
02.11.2019. 03:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
54 болуп калды го, эстен чыгып кетип Ир. Бирок аябай кутуп корчу элек,оо андан бери канча суулар акты..деп эле. 2003-ж мен 4кл окуучу экем. Унуткудай эле болуптур озу
02.11.2019. 05:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
64
02.11.2019. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Неге тест болсоле минус баса беришет элдер
03.11.2019. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
94
05.11.2019. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
60 болдуго
11.11.2019. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Мен кинону кайра баштан көрүп чыктым! 100% болду...
13.05.2021. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Админ генералдын досу келбей досунун уулу келет тууралап койгула туура такталган маалымат берсенер урдура бербей ишенбесеңер кайталап көрүп чыккыла сериалды
13.05.2021. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу тест темасында аз упай коп упай алганына деле жалан минус баса бересинер бир плюс жашылды корбой тээ башынан бери эле байкап келтам.
13.05.2021. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жалпы суроо 15
Туура 13
Ката 2

Упай 87.
13.05.2021. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
100 бал
Айт маарек болсун
Туткан орозоңуздарды Аллах кабыл кылсын
Мекенибизде дайым тынчтык болсун туугандар
13.05.2021. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
100
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: