super.kg logo

"Ата, апа, мага абдан өкүнүчтүү, башка өлкөгө болгон сапарым ийгиликсиз болду". Англияда жүк ташуучу унаадан жансыз денеси табылгандардын арасында Вьетнам жараны дагы болгон

 

Англиянын чыгышында жүк ташуучу унаанын ичинен 39 адамдын жансыз денеси табылган. Алардын кээ бири каза болор алдында жакындары менен байланышкан. Бул тууралуу BBC News жазып чыкты.

Жансыз денеге толгон жүк ташуучу унаа шаршемби күнү Эссекс графтыгында табылган. Анда табылгандар Кытай жарандары экендиги айтылган. Бул кылмышка шектүү катары 25 жаштагы Түндүк ирландиялык айдоочу Мо Робинсон кармалган.

BBC News'тун маалыматына ылайык, каза болгондордун арасында Вьетнам жараны дагы болушу мүмкүн. Унаада жансыз денеси болгон 26 жаштагы Фам Тхи Ча Минин жакындары журналисттер менен байланышып, каргаша болор күнү Фам Тхи Ча Миден мындайча билдирүү алышканын айтышкан. "Ата, апа, мага абдан өкүнүчтүү, менин башка өлкөгө болгон сапарым ийгиликсиз болду. Мага аба жетпей, кыйналып жатам. Мен силерди абдан жакшы көрөм", - деген билдирүү жазган.

Бул Британиянын аймагындагы Кытай жарандарынын мыйзамсыз массалык өлүмү катталган биринчи окуя эмес деп жазылат маалыматта.

Буга чейин жүк ташуучу унаадан жансыз денелери табылган 39 адам Кытайдын жарандары болгону да айтылган.






Англияда жүк ташуучу унаадан жансыз денеси табылган 39 адамдын биринин акыркы каты

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Батырбек Зарлыков
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
28.10.2019. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Дагы ал жакта мыйзам күчтүү дейбиз)
28.10.2019. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ии бечара))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: