super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Ош-Жалал-Абад жолунда бензовоз оодарылып кетти" дейт окурман

 

Ош-Жалал-Абад унаа жолунда бензовоз оодарылып кетти. Жолдон ары-бери өткөндөр күйүүчү майды желим бөтөлкөлөргө куюп ташып жатышат. Мындай билдирүүсүн окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө жиберди.

Анын айтымында, кырсык бүгүн, 28-октябрда орун алган. "Сузак районунун Барпы айылынын чыга беришиндеги унаа жолдо бензовоз оодарылып кетти. Алдынан жеңил унаа чыга калган экен. Жеңил унаадан качам деп оодарылып кетиптир. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок. Жолдон өткөндөр бензовоздон агып жаткан күйүүчү майды желим бөтөлкөлөргө куюп ташып жатышат", - дейт ал.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Жалал-Абадда күйүүчү май ташыган унаа оодарылып кетти

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
29.10.2019. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бүлүнгөндө бүлдүргү алба дейт.
29.10.2019. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мээйли ала беришсин... Жарылып деле кетмек... Бирок кобу ушундай болгондо тоноп кеткени жаман да...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: