super.kg logo

"Депрессиядан улам ичип кеткем". Орусияда 33 жыл мурун балдарынан ажыратылган эне аларга жолукту

 

Москвада 25-октябрда Валентина Дрейко аттуу аял 1986-жылдан бери көрбөй калган балдарын таап, жолукту. Бул тууралуу Орусиядагы “Жди меня” берүүсүндө көрсөтүлдү.

Анда Дрейконун балдарын 1986-жылы камкордук органынын кызматкерлери алып койгону айтылган.

“Студент кезде Коми Республикасында өзүнүн аскердик кызматын өтөп жургөн жигит менен таанышып, баш коштук. Улуу балабыз Рустам төрөлгөндөн кийин 1977-жылы жолдошум кызматын өтөп бүтүп, Тажикстанга көчүп кеттик. Ал жактан Зарина аттуу кыздуу болдук. Бирок мен үчүн Тажикстанда жашоо оор болду. Балдарды алып, Орусиядагы Ухту айылына кетип калгам. Бирок депрессиянын айынан ичимдикке берилип кеттим. Ошол себептүү балдарымдан ажыратып коюшту. Кийин балдар үйүнө аларды издеп барганымда суук кабар угузушту. Көрсө балдарды ал жактан жолдошум алып кетиптир. Мага атайын эле калп маалымат айтып коюшуптур”, - деди ал.

Балдарынын аман-эсен экенин сезген эне “Жди меня” көрсөтүүсүнө кайрылып көрүүнү чечкен.

Ошентип 2019-жылдын 25-октябрында Валентина Дрейко 33 жыл мурун жоготкон балдарына жолугуп, сүйүнүчтөн көз жашын тыя албай турду.






"Жди меня" көрсөтүүсүндө эне балдарына 30 жылдан кийин жолукту

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
29.10.2019. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш балдары деле эс тартып калгандарында энесинен ажырашкан экен да, жүрөгүм ооруп кетти, ошол кездеги ахываларын элестетип алып
30.10.2019. 07:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жашоо ушундай да,бироо жоготот дагы бироо издейт, бироо ыйлайт,башкасы кубанат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: