super.kg logo

Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоноо иши. УКМК кыйноо фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду

 

УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоногонго шектелип жаткан жаранга карата кыйноолор болгон деп кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына айыпталуучунун апасы Жыпаркүл Иманкалиева айтып берди.

Маалыматка ылайык, бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "кыйноо" беренеси менен катталган.

Ал эми шектүүнүн жактоочусу Назира Абдумуминованын айтымында УКМК иш козгогону менен тийиштүү иштерди аткарбай жатканын айтат.

"УКМКга арыз түшкөн соң биринчи шектүүнү суракка алышы керек. Кандай кыйноолор болду, качан болду деген суроолор боюнча. Андан кийин тийиштүү кызматкерлерди сурап, анан эки тарапты беттештириши керек. Бирок бул иштин баары аткарылбай жатат", - деди ал.

Буга чейин, Октябрь РИИБине Мирбек Атабековдун апасы кайрылып, 2019-жылдын 6-майга караган түнү саат 01:45 чамасында үйүнө бет капчан уруу кирип, 60 миң доллар жана алтын жасалгаларды уурдап кеткенин айтып, арыз менен кайрылган. Бул факт Жазык кодексиндеги 202-берене (каракчылык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ал эми 29-августта шектүүлөрдүн бирөөсү 1995-жылы туулган Б.М. кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
31.10.2019. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кыйнап мойнуна алдыргычтарды да жазага тартыш керек!Далили жок эле уруп тепкенди билгендерди
31.10.2019. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллах бодо келген кырсыктан кур дооматан сактасын
31.10.2019. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Энеда баласына куйуп жатат,баласы кылган учун кармаса керек...суроттору камерага тушуп калган дейтгоо
31.10.2019. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мирбек Атабеков деле тажады окшойт ушул проблемадан))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: