Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин ысымы көчөгө кандайча берилип калган?

Мындан бир нече күн мурда шаар четиндеги жаңы конуштардын бирине мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин ысымы ыйгарылганы коомчулуктун талкуусуна калды. SUPER.KG бул ирет көчөлөрдүн аталыштарынын аттары кандай жолдор менен коюулары тууралуу кеп кылат.
Мухтар Исмаилов Молдомуса Конгантиев атындагы көчөнүн жашоочусу, ал көчөгө мурдагы министрдин ысымын берүүгө 2-3 эле киши катышканын, башкалардын макулдугун эч ким сурабагандыгын билдирди.
"Көчөгө ошол кишинин аты коюлганын укканыма көп эле болду. Бул жерде көчөнүн башында полковник Абдразак деген киши жашайт, ал квартал башчы менен бирге бул конуштагы көчөлөргө жалаң генералдардын аты коюлган, буга да генералдын атын коёлу деп жүрүшкөн. Биз макул деле болгон жокпуз, каршы деле болгон жокпуз. Анан эле Молдомуса Конгантиевдин ысымы берилип калыптыр. Элге эмгеги сиңген болсо мейли эле. Советтер Союзу кезинде деле баатыр аталган генералдар бар, ошолордун ысымы берилсе болмок. Негизи каршы элебиз", - деди көчөнүн жашоочусу.
Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар айыл аймагынын башчысынын жооптуу катчысы Ирина Каменева көчөгө мурдагы министрдин аты берилгендиги тууралуу буларга токтолду.
"Бизге күн сайын Полиция шаарчасы конушунан 10-15 киши келет, ар кандай маалым кат жана башка документтерди сурашат. Бирок ушул күнгө чейин көчөнүн аталышына нааразы болуп келген киши болгон жок", - деди ал.
Көчөгө ысымы ыйгарылгандыгы жөнүндө пикирин билүү үчүн Молдомуса Конгантиев менен байланышканыбызда сыркоолоп калганын айтып комментарий берүүдөн баш тартты.
Андан ары биз көчөлөрдүн аттары кандай негизде коюуларын билүү үчүн "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын топонимика жана эстеликтерди каттоо бөлүмүнүн башкы адисине кайрылдык.Топонимика жана эстеликтерди каттоо бөлүмүнүн башкы адиси Жылдыз Талантбекова эгер жарандын көзү тирүү болсо деле кайрымдуулук иштери менен алек болгон болсо же ошол көчөнү оңдоп түзөсө анын ысымын көчөгө же кандайдыр географиялык объектиге ыйгарууга болорун айтат.
"Мисалы, кайсыл бир көчөгө ат берүү үчүн биринчиден ал көчөнүн аты жок болушу керек. Анан бизге жарандар, коомдук-бирикмелер кайрылышат. Кайрылууга 100 кишинин макулдугу керек болот. Кайрылуу келгенден кийин биздин комиссия карап чыгат. Көзү тирүү кишинин деле ысымын көчөгө ыйгарууга болот, эгерде ал киши кайрымдуулук менен алектенип ошол көчөнү оңдоп түздөсө. Анын атайын шарттары бар, ал үчүн "Бишкек-Асфальт Сервис" ишканасы койгон шарттарды аткарышы керек", - деди Жылдыз Талантбекова.
"Молдомуса Конгантиевдин ысымы көчөгө 2 жыл мурда ыйгарылган"







1 |