Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолун оңдоого 10 миллион доллар бөлүнөт
Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолун оңдоп-түзөө иштерине "Сауд" өнүктүрүү фонду 10 миллион доллар бөлөт. Маалыматты Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Азыркы күндө өкмөт менен аталган фонддун ортосунда насыя боюнча келишим түзүлгөн. Фонд тарабынан жылына 1 пайыздык үстөк менен 10 миллион доллар бөлүнүп берет. Насыя 25 жылдын ичинде кайтарылып берилиши керек. Бул акчага Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолунун 75 чакырымынан 105- чакырымына чейинки бөлүгү, жалпы 30 чакырым жол оңдолот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:55
2025-07-10

Рейтинг:
0

