super.kg logo
  Саясат  

Депутат Исхак Масалиев: "Сыртынан билинбегени менен каршы айтылган пикирлерде бир топ маселе жатат". КҮНСОБОЛ

 

Президент Сооронбай Жээнбеков маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугушту. Анда мамлекет башчы Кыргыз мамлекетинде күчтүү оппозиция бар экенин айтты. "Жарандык коом күчтүү, оппозиция өнүккөн. Демократияга коркунуч жок", - деп билдирген президент.

SUPER.KG порталы "Башка эч жерде жок күчтүү оппозициябыз бар". Президент Сооронбай Жээнбеков айткан күчтүү оппозиция учурда барбы?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев өлкөдө оппозиция бар деген пикирде.

"Өлкөдө оппозиция бар, мисалы, Адахан Мадумаровдун айткандарын карап чыккыла. Мындан сырткары, коомдо көптөгөн сын-пикирлер айтылып келүүдө, ошол эле Атамбаевдин айланасында жүргөн жигиттердин пикирлерин уккула. Мындан улам өлкөдө оппозиция бар деп айтууга болот.

Менимче, эгер шайлоо учурунда 9 пайыздык босого чегин төмөндөтсө оппозиция өз максатына жетип, сөзсүз түрдө бийликке өтөт. Ал эми бийлик күчкө салып, эч кимди өткөрбөй койсо оппозиция мурункудан да күчтөнөт. Сыртынан билинбегени менен каршы пикирлерде бир топ маселе жатат. Себеби ошол эле шайлоого баргандар турмуш "жыргализм болот" деп ойлошот, бирок чынында андай эмес, анан ошолордун катарынан деле оппозиция чыгат", - дейт Масалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: