super.kg logo

Экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун соттук отуруму. Кулматов сотто көрсөтмө берүүдөн баш тартты

 

Бүгүн, 4-ноябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда экс мэрлер Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовго карата каралып жаткан кылмыш иши боюнча кезектеги соттук отурум болуп өттү.

Бүгүнкү отурумда айыпталуучу Кубанычбек Кулматов кɵрсɵтмɵ берүүдɵн баш тартты. Ал эми мэриянын өкүлү А.Турумбекова кошумча кɵрсɵтмɵ берди.

Жактоочу Сергей Слесарев судьяга далил катары экспертизалардын корутундуларын далилдердин тизмегинен алып салуу жɵнүндɵ ɵтүнүч менен кайрылды. Бирок сот аны канааттандырган жок.

Соттук отурумда жактоочу Слесарев эксперт Н.Молдосановду соттук отурумга камсыз кылууну. Бишкек шаардык мэриясы менен Билим берүү жана илим министрлигине келтирилген чыгымдар тууралуу документти, ошондой эле мэрия менен министрликтин кызматкерлерин соттук териштирүүгө камсыз кылууну. Прокурорлорго жалган көрсөтмө берген экспертти кылмыш жоопкерчилигине тартуу тууралуу өтүнүчтөрдү сотко келтирди. Бул өтүнүчтөр жарым-жартылай канааттандырылды.

Ал эми мамлекеттик айыптоочулар айыпталуучулардын бɵгɵт чарасынын мɵɵнɵтү бүтүп бара жаткандыгына байланыштуу бɵгɵт коюу чарасын жана соттук териштирүүнүн мɵɵнɵтүн узартуу ɵтүнүчүн келтиришти. Судья өтүнүчтү канааттандырып, кийинки отурумду 6-ноябрь күнү саат 09:00гө белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
05.11.2019. 08:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чоң көлөмдөгү акча каражатын жеп алып эми куса албай кыйналып жатабы? Жегенде ойлонушу керек болчу.
05.11.2019. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баш тартып эле жыргап калышты да,Атамбаевдин маалында Жапаровго окшогондорду кан жалатып сабап туруп жооп бердирчи эле го,ошону эл коруп турса да баары жакшы дегизип
05.11.2019. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
АШАнын ач коз элиталары элдин канын соруп бир көчөттү 9000 сомго алган айбандарды 30 жылга камасада аздык кылат
05.11.2019. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Турмого баруудан каркуп жатат.Азыр СИЗОдо бир куну эки кунго эсептелет а турмого киргенде отуруу керек болот до конца. Ошондуктан атайын создуктуруп жатат.
05.11.2019. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кубанычбек Кулматов Калыс Ордодогу жаңы мектептин курулуш иштеринен эки миллион долларды өз кызыкчылыгы үчүн колдонгон. Мамлекетке ири суммадагы зыян жеткирген кишини узак мөөнөткө камоо зарыл.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: