Талас облусунда 9 миң гектардай жерден арпа, буудай жыйналды
Талас облусунда быйыл 12 900 гектар жерге кылкандуу дан эгиндери себилсе, учурда анын 8991 гектарынан арпа, буудай жыйналып алынды. Маалыматты обладминистрациянын агрардык секторунун башкы адиси Туратбек Назаралиев билдирди. Жыйналган дан эгиндеринин 8 миң гектарга жакыны буудай, ал эми 1 миң гектарын арпа түзөт. Учурда облуста 81 комбайн иштеп, буудайдын түшүмдүүлүгү гектарына 27,9 центнерден айланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

