super.kg logo

Акжолтой Канатбек уулу мындан 2 ай мурда үйлөнгөн. Ал сахнага "Раймалы" деген каймана ат менен чыкмак

 

Белгилүү төкмө акын, обончу Майра Керим кызынын баласы Акжолтой Канатбек уулу жол кырсыгына кабылып, 27 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Акжолтой Канатбек уулу ушул жылдын сентябрь айында сүйүктүүсү Изаард Канатова менен баш кошкон. Үй-бүлөлүк жашоого жаңы кадам таштаган жубайлар Кочкорго жентек тойго бара жатканда кырсыкка кабылган. Маркумдун кан досу Руслан Карыбеков SUPER.KG порталына досунун келечектеги пландары тууралуу айтып, анын кандай инсан болгонун эскерди.

"5 жыл мурда тойго барсам Акжолтой колуна домбра алып кызмат кылып жүрүптүр. Ал мени бир көргөндө эле "сен көп нерсени жасай ала турган бала экенсиң, ырыскыңды ашай ала тургандардан экенсиң. 100 жашка чейин жашай турган бала экенсиң, телегейиң тең болсун" деди. Ал ушинтип бир топ сөздөрдү төгүп жатты. Аябай таң калып, туруп калдым. Тойдон телефон номерлерибизди алышып таркап кеттик. 2-3 айдан кийин жолугуп Акжолтой менен достошуп, канчалаган жакшы күндөрдү өткөрдүк.
Быйыл күзүндө "үйлөнөм" деп жакшы кабарын айтты. Планда жок эле го, эмне болду дедим. Ал "өз адамымды таптым" деп аяшым менен тааныштырды. Аяшым Токтогулдун кызы болгону менен ата-энеси Бишкекте жашайт экен. Сүйлөшкөн кызына "Руслан мени кыздардан кызганат" деп тамашалап калды. Ошентип Акжолду үйлөнтүп, тоюн өткөрдүк. Андан кийин Бишкектеги Көк-Жар конушундагы үйүнө көчүрүп бардык. Досум үйлөнө электе китеп сатып алганбыз, ошол китеп Акжолдун домбрасы жана бир катар буюмдары менин үйүмдө болчу. Үйлөнгөндөн кийин ошол буюмдарын алып, Кочкордон ала келген картошканы көтөрүп бардым. "Мага картошка ала келдиңби?" деп аябай сүйүндү. Андан кийин сүйлөшүп жүрдүк. Кырсык болордон 3-4 күн мурда чалып гитара чертпейлиби деди. Мен анда Кочкордо экенимди айттым.

Кырсык болгон күнү Акжол жана анын жубайы Изаард, Жоомарт, Кубат, дагы бир бала болуп Тоңдон келе жатышыптыр. Алар Кочкорго жентек тойго барышмак экен. Бирок тойго жетпей кырсыкка кабылышты. Мен ошол күнү Кочкордон Бишкекке келгем. Эмнегедир таңга маал уйкум качып ойгонуп кеттим. Ошондо мага каза болгон Жоомарттын номеринен Аскат деген бала чалды. Көрсө ал окуя болгон жерге барып, акыркы жолу кимдер менен сүйлөшкөнүн карап мага чалып жатыптыр. Биринчи укканымда ишенбей нес абалда туруп калдым. Таңга маалы мени эмнеге тамашаламак эле деп дос балдарга чала баштадым. Ошентип балдар чогулуп Кочкорго бардык. Акжолтой менен Изаарддын сөөгүн өлүкканадан алып чыгып Ысык-Көлгө алып кеттик. Ал эми Жоомарт менен Кубатты дагы айылдарына алып кетишти.

Акжолтойдун башка төкмөлөрдөн, акындардан өзгөчөлөгү - адамдардын оюн окуп, аябай катуу шык, дем бере алганында болчу. Ал мен үчүн өтө башкача адам эле. Башка планетадан келгендей өзгөчө инсан эле. Мени туура жолдо жүрүүгө багыт берди, кандай адам болууну үйрөттү. Обон жазганды дагы үйрөттү. Менин кайгымды, кубанычымды тең бөлүштү. Экөөбүз канча тойлордо кызмат кылдык. Үйүнө конокко көп чакырчу. Меникине келгенде гитарамды алып бир топ обондорду жазчу. Жасаган тамактарычы, аябай даамдуу эле.

Кыргыз радиосунда 5 миң ыр бар болсо, анын ичинен 200гө жакыны Акжолтойго таандык болчу. Кыргыз эстрада ырчыларына ыр, обон жазуудан тышкары өзүнүн "Алчадай эриниңден", "Айтайынбы" жана башка бир топ сонун чыгармалары бар эле. Ырчы Курал Чокоев менен иштешип, сахнага "Раймалы" деген каймана ысым менен чыгайын деп "Бегимай, Бегимай" чыгармасын жаздырган.

Кыргыз эли дагы бир залкарынан айрылды. Бир боорумдан, эң жакын досумдан айрылып каным кайнап турат. Акжол, досум, мен сени эч качан унутпайм!".

Ал эми ырчы Курал Чокоев мына иштейбиз, ийгилик жаратабыз деп жатканда кырсык болуп кеткенин айтат.

"Мен продюсер болуп Акжолдун ырларын студиядан жаздырганбыз. Фотосессия жасаганбыз. Эки чыгармасы тасмага саундтрек болуп жазылган. Өзү дагы ошол тасмада роль жаратмак. Анан эле кырсык болуп кетти. Эми өзү болбосо дагы чыгармаларын көмүскөдө калтырбай, атын өчүрбөй жүрүшүбүз керек.

Акжолтой экөөбүз мындан 9 жыл мурда "Ысык-Көл кадыр түн-2010" фестивалында таанышканбыз. Ошондон бери ага-инидей болуп келе жатканбыз. Менин "Көк бөрү" жана башка ырларыма обон жазып берген. Аябай таланттуу болгондуктан, эстрадага чыгаралы деген тилегим болгон", - деди ал.

Акжолтой Канатбек уулу төкмө акын, ырчы жана актёр. Анын бир тууган эжеси жана агасы бар.






Төкмө акын Акжолтой Канатбек уулу менен жубайы Изаард Канатованын сөөгү жерге берилди

Автор: Амирбек Исмаилов
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
13.11.2019. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жаткан жери жайлуу болсун.Бирок мынанда Руслан деген бироосу озун ото мактап ийиптирго
13.11.2019. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ыйманы саламат болсун. Аттин коп кырдуу талант элге чыкпай калды. Атагы таш жара турган бала экен эле.
13.11.2019. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ичим эзилип журом уккандан бери. Эми бугун жер жазданып туболуко жатып калат. Келинчегин экоонорго Аллахым эки дуйнолук бакыт берген болсун. Ал дунодо да жетелешип бир болгула
SUPER.KG видео
13.11.2019. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аттин ай,жылдызы жанып турган сулуу экен эле
13.11.2019. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аттин арман
15.11.2019. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун. Таланттуу адам эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: