ИИМ: "Киши колдуу болуп каза болгон Айэркен Саймаити Кыргыз паспортун колдонуп жүргөн"
Киши колдуу болуп каза болгон Айэркен Саймаити Кыргыз паспортун мыйзамсыз колдонуп жүргөн. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Айэркен Саймаити мыйзамсыз Самятов Эркин Салимович аттуу Кыргыз паспортун колдонуп жүргөн.(ID-карт жана чет элдик паспортторду) Самятов Э.С. атына мыйзамсыз берилген паспорттор боюнча, ИИМ "паспортту мыйзамсыз берүү" боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган. Тергөө ишинин негизинде Жалал-Абад облусунун Сузак райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси А.А. аттуу жаранга үч берене менен иш козголуп, кылмыш иши Жалал-Абад облусунун сот органдарына кароого жөнөтүлгөн", - деп жазылат маалыматта.
Бүгүн, 13-ноябрда ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Жогорку Кеңештин жыйынында эки ишкердин өлүмү боюнча жана Түркияда киши колдуу болгон Айэркен Саймаити тууралуу маалымат берген.

Ал паспорттор АШАнын маалында берилген