super.kg logo

"Кумтөр" тогуз айда 10 миллиард 79 миллион сом пайда келтирди

 

Centerra Gold Inc. жана «Кумтөр Голд Компани» 2019-жылдын үчүнчү чейректеги өндүрүштүк жыйынтыктарын чыгарышты. 2019-жылы тогуз ай ичинде “Кумтөрдө” 451 679 унция же 14 048,8 килограмм алтын өндүрүлүп, компаниянын салыктары жана милдеттүү төлөмдөрдү 10 миллиард 79 миллион сомдон ашкан.

Алтын өндүрүү жана сатып өткөрүү

2019-жылдын III чейрегинде «Кумтөр» кениндеги алтын ɵндүрүү кɵлɵмү 150 305 унцияны же 4 675,01 килограммды түздү. Алтын ылгоочу фабрикада иштетилген кендин орточо алтын курамы тоннасына 3,8 грамм, ал эми ылгоо коэффициенти 84,8 пайыз болду. 2019-жылдын III чейрегинде 160 088 унция, же 4 979,30 килограмм алтын сатып өткөрүлгөн. Алтынды сатып өткөрүүдөн жалпы киреше 2019-жылдын III чейрегинде 234 миллион 400 миң долларды түздү.

Алтын өндүрүүгө кеткен чыгымдардан фабрикалык кайра иштетүүгө 18 миллион 400 миң доллар, кен ишканасын күтүүгө 11 миллион 500 миң доллар, өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор салыктарды кошкондо (бир унцияга АКШ доллары менен) 831 долларды түзгөн. Алтын өндүрүүгө кеткен башка чыгымдар жана өндүрүштүк көрсөткүчтөр “Кумтөрдүн” www.kumtor.kg сайтындагы пресс-релизде толук берилген.

“Кумтөр Голд Компани”, “Кыргызалтын” ААКы жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү ортосунда түзүлгөн алтын жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууга ылайык, “Кумтөр” кенинде өндүрүлгөн Доре куймаларын Кара-Балта шаарындагы аффинаждык ишканада кайра иштетүү үчүн “Кыргызалтын” сатып алат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын сыртында сатып өткөрүү укугуна жалгыз гана “Кыргызалтын” ААКы ээ.

2019-жылдын август айында Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен 2017-жылдын 11-сентябрында түзүлгөн комплекстүү келишимдин күчүнө толук кирүүсүн алдын алуучу бардык шарттар аткарылды жана 2019-жылдын 26-августунда Стратегиялык келишим күчүнө кирди.

Комментарий

«Центерранын» президенти жана башкы кызмат адамы Скотт Перри мындай деп белгиледи: «Биз ушул чейректе ɵндүрүштɵгү олуттуу коопсуздук кɵрсɵткүчтɵрүнɵ жетиштик. Мисалы, «Кумтɵр» кени бир жыл бою жумуш убактысын жоготуусуз иштɵɵгɵ ийгиликтүү жетишти. Ушундай сыяктуу ийгиликтер жумуш убактысын жоготуусуз иштɵɵгɵ жетишүү Центерра үчүн аткарып жана жетише ала турган максат экенин билдирет. Мындай кɵрсɵткүчтɵр биздин жалпы кызматкерлерибиз «Центерранын» «Work Safe – Home Safe» коопсуздук программасын кынтыксыз колдоорун кепилдеп, биздин баалуулуктарды жана туруктуу өнүгүүбүздү үзгүлтүксүз бекемдɵɵгɵ жана ɵркүндɵтүүгɵ жалпыбыздын жана ар бирибиздин багыт алуубуз керек экенин билдирет».

«Кумтөр» кени Кыргыз Республикасында жайгашып, Борбор Азиядагы батыш компания башкарган эң ири алтын кен. 1997-жылдан бери өндүрүштүк ишмердик башталгандан тартып 2019-жылдын 30-сентябрына чейин «Кумтөрдө» жалпысынан 12,5 миллион унцияга алтын өндүрүлгөн.

Кыргыз Республикасы «Кыргызалтын» ААК аркылуу «Центерра» акцияларынын эң ири үлүшүнүн - 77 401 766 акциясынын кармоочусу. 2019-жылдын 14-ноябрына карата Кыргызстандын акциялар үлүшүнүн наркы 637 миллион доллардан ашты.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(13)
18.11.2019. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Центерранын иштөөсүнө тоскоолдук көрсөтө бербей азыркы келишим боюнча деле иштей турган болсо. Өлкөбүздүн бюджетине көп салым кошорун көрдүк. Мына ушундай дем менен эки компания иштеше берсе бюджет тез толукталат.
19.11.2019. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Jaznura,туура айтасын, болоору болду. Кумтор аркылуу канча экстер байып алды.Отконго окуно бербей, келечекте ошол катаны кетирбоонун чарасын круу керек.
18.11.2019. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Кумтөр азыр биздин бюджетти толуктап турган жалгыз булак.
18.11.2019. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
олконун экономикасына чон салым кошуп, эн жакшы иш менен камсыз кылуучу компания болуп, жаштарды колдогон проектерди иштеп чыгып, кайрымдуулук менен алектенип - олконун онуугусуно чон салым кошкон ири компаниялардын бири экенин унутпайлы!
18.11.2019. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
канча миллиард зыян келтирди ошону да жазып койгула
18.11.2019. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Канча миллярд $ акчаны алып чыгып кетти , канча тонна алтын чыгып кетти, ошолорду да жазсанар, кечээ куну жанылыктардан окудум Токио шаарынын мэри, дачасына кызмат машинасына баргандыгы учун кызматынан кеттуго даярданып жатыптыр, а биздин мамлекет башчылары Акаев, Бакиев мамлекеттин кызыкчылыгына туура келбеген келишимди тузуп, чыккынчылык кылган,ыраматылык А.Масалиев авабыз,Садыр Нуркожоевич кумторду бугунку кунго чейин мамлекеттин кызыкчылыгына туура келбейт деп турмодо олтурса,бироосу аркы ду
asash түзөттү 2019-11-18 17:36:10
18.11.2019. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Менин эн эле окунгон нерсем, буга Акаев Аскар Акаевич да окунуп олтурса керек, ал киши президент болбош керек эле,Абсамат Масалиев президент болгондо биз бугунку куну мындай кыйналып мигрант болбой, орто азиядагы бай олколордон болмок элек, окунучтуу....
19.11.2019. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кана ошо акчалар,эмнеге иштетип атышат
19.11.2019. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
СССР тарагандан кийин, кенди 20 жыл жаап, өзүбүзчө кадр , техниканы даярдашыбыз керек болчу. Ошондон кийин деле инвесторлор табылмак, 85/15% болсо да.
19.11.2019. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин жаратылышка канча зыян келгенин канча алтын уурдалып чыгып кеткенин да жазбайсынарбы калп эле каяктагы милярддар менен эллин башын айлантпай
19.11.2019. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биринчиден бир жыл ичинде канча млн куб монгу жок болуп, канча млн куб уулуу цианид топтолгонун эч жазышпайт. Олуп баратса да жазышпайт...

Экинчиден Кумтор олкого салык токкону эле болбосо, Кыргызсиан сатылган алтындардан пайда корбой эле келет...
19.11.2019. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анткени Кыргызстандын Кумтордогу улушу 70%дан 20% тушуп калган. Анда да канадалык шылуундар пайданын эсебинен палан ишкана сатып алынды, тукун кен сатып алынды кылып акчаны коррупциялык схемалар аркылуу чыгарып, 5-10 жылда бир жарыбаган дивидент болот. Ишенбесенер изилдеп чыккыла, Кыргызстан 25 жылда канча долларлык дивидент алыптыр?!! Эч канча!!! Ошол миллиарддар тышка агылып кетип жатат.
19.11.2019. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мынча миллиардка алтын сатылды десе окурмандар ишенип отурат да, ошонун баары Кыргызстандын казынасына тушуп жатат деп. Чын-чынында олко казынасына эч нерсе тушпой эле, салыктан башка.

Салыкты да аз толошот, расходдорду жасалма кобойтуп, шиширип. Анын документальный далилдерин Садыр Жапаров таап элге сунган менен да эч нерсе озгоргон эмес. Кайра С Жапаровду камап коюшту. Жээнбеков С.Жапаровдун ак экенин биле туруп чыгарбай отурат. Анткени Сокенин колунан жакшылык келбейт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: