super.kg logo
  Саясат  

Жол кырсыгына күнөөлөнгөн ЖКнын депутаты Ж.Саматовдун жардамчысына карата соттун өкүмү 17-августта чыгат

 
2012-жыл, декабрь. Кырсык болгон учур жана депутаттын жардамчысынын Тойота Ленд Крузер унаасы
2012-жыл, декабрь. Бишкектеги Киев-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги ири автокырсык
2012-жыл, декабрь. Бишкектеги Киев-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги ири автокырсык

Адам өлүмү менен аяктаган жол кырсыгына байланыштуу айыпталып жаткан ЖКнын депутаты Жыргалбек Саматовдун жардамчысы Таалайбек Жакыповдун иши боюнча соттун өкүмү 17-августта чыгат. Бул тууралуу Свердлов райондук сотунан билдиришти. Бул иш боюнча мурунку соттук отурум 13-августта болгон. Бирок Т.Жакыповду сотко коштоп келген тарап аскерлер кечки тамаксыз кала тургандыгын айтышып, соттук отурумду кийинкиге жылдырууга суранган. Буга байланыштуу сот иши 17-августка жылдырылган. Эскерте кетсек, 2012-жылдын 8-декабрында Бишкектеги Киев-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде 5 унаа катышкан ири автокырсык болуп, 3 адам каза болгон. Ага катышкан Тойота Ленд Крузер унаасынын айдоочусу, аталган депутаттын жардамчысы Жакыпов айыпталууда.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: