super.kg logo

"Күрөңкеев көчөсүнүн жолу ноябрда бүтөт". Убада аткарылабы? (видео)

 

Буга чейин SUPER.KG порталына Бишкек шаарындагы Күрөңкеев көчөсүнүн жашоочулары алар жашаган көчөдөгү жол куруу иштери кечеңдеп жатканын айтып, кайрылышкан. Бул айтылган пикирлерден улам жумушту аткарган тараптын жоопторун чагылдырганбыз. Биздин портал бул суроого кайрылып келип, жолду курууга тапшырма берген "Бишкек асфальт сервистен” жана башка тиешелүү тараптардан жооп алды.

“Бишкек асфальт сервис” муниципалдык ишканасынын директорунун орун басары Нурбек Чолпонбаевдин айтымында, жол ушул айдын аягына чейин толук бүтөт. Ал буга чейин жолдун курулушу бүтпөй келгенин анда жашаган тургундар бактарын албай, тоскоолдук жаратып келгени менен түшүндүрдү. Анын пикиринде, жол бардык нормаларды сактап курулууда.

Аталган көчөдө жашагандардын бири тротуар салууда мыйзам бирдей иштеген жок деген пикирин айтты. Ал өз кебинде кээ бир үйлөрдүн алдындагы бактар алынганы менен айрым үйлөрдүн алдындагы бак-дарак ошол эле бойдон калганын билдирди. Бул боюнча “Чу Прокси” ишканасынын башчысынын орун басары Эрлан Жеңишбековэгер ал жер жеке колдо болсо, аны мажбурлап алдыруу биздин укугубузда эмес” дейт.

Күрөңкеев көчөсүнүн жолун курууга милдеттенме алган “Чу Прокси” жоопкерчилиги чектелген коом биздин кээ бир суроолорубузга жооп кайтарды. Ал асфальт чыгаруучу завод техникалык жактан мүчүлүштүктөргө учурап, асфальт бере албай жатканын, жакынкы күндөрү бериле турганын айтты.
Ал эми “Бишкек асфальт сервис” муниципалдык ишканасы тротуарга тоскоолдук жараткан бардык объекттер, анын ичинде бак-дарактар бүт баары алына турганын, бул боюнча иштер кызуу жүрүп жатканын кошумчалады.

Толук видеодон көрүңүз.






Калыңдыгы 8 сантиметр болгон асфальт нормага жооп береби?

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Батырбек Зарлыков
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: