Ички иштер министринин орун басары: "Түркияда өлтүрүлгөн Айэркен Саймаити менен "Манас" аэропортунда багаждан жансыз денеси табылган жарандын байланышы жок"

Түркияда киши колдуу болуп каза болгон Айэркен Саймаити менен "Манас" аэропортундагы унаанын багажынан жансыз денеси табылган Хусан Каримовдун байланышы жок. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында ИИМдин орун басары Мирлан Каниметов билдирди.
Анын айтымында, алардын эч кандай байланышы жок.
11-ноябрда түрк басылмалары Айэркен Саймаитини Стамбул шаарындагы Фатих аймагында "Миллет-Стрит" мейманканасында белгисиз жарандар атып кетишкенин жазышкан. Оор жаракат алган Айэркен Саймаити ооруканадан жан берген. Окуя болгон жолдун боюна токтотулган Range Rover үлгүсүндөгү 34 CC 2902 консулдук номерлүү унаа болгон.
12-ноябрда Кыргыз өлкөсүнүн Стамбулдагы Башкы консулу Эркин Сопоков кызматынан бошотулган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:06
2025-07-09

18:43
2025-07-09
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Jaznura

21.11.2019. 12:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аэркен Саймаити ашанын заказы менен өлтүрүлгөн.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.