super.kg logo

Чүйдө жол кырсыгы катталып 4 адам каза болду. Арасында 4-5 жаш чамасындагы бала болгон

 

Бишкек-Ош унаа жолунда 4 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Окуя кечээ, 24-ноябрда түндө орун алганын Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлады.

"Жол кырсыгы Бишкек-Ош унаа жолунун 162-чакырымында, тагыраагы, Жайыл районунда болгон. Бишкекке келе жаткан Хонда Степ унаасы жолдун чекесине чыгып кетип, карама-каршы тилкеде келе жаткан Мерседес Спринтер менен кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен 4 адам каза болду. Каза болгондордун арасында 4-5 жаш чамасындагы бала болгон. Мындан тышкары, 8 адам жаракат алып, Жайыл райондук ооруканасына жеткирилди. Учурда жабырлануучулардын аты-жөнү такталууда.

Жол кырсыгы боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат", - деди басма сөз кызматынан.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы каза болгондордун бири кичинекей бала, үчөө аялдар болгонун маалымдады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
25.11.2019. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ии Кудайым боодо кырсыктан сактасын! Каза болгондордун жаны жанаттан болсун!
25.11.2019. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Оооо кыргызым кырылып калмай болдук го жол кырсыгынын айынан. Баары кайдыгерчиликтен болуп атат сезон сезон менен донголокторду алмаштырыш керек. Катуу кощомол кылыш керек кыш келдиби кар барбы жокбу кышкы донголок менен болбосо откоруу пункуттан откорбой коюуш керек. Жургунчулорда карап чыгыш керек. Кайдыгерчилик биздин туйубузго жетет бул кетиште
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: