super.kg logo

Кашкар Жунушалиев Түркиянын ички иштер министри менен Айэркен Саймаитинин өлүмү боюнча сүйлөштү

 

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Түркиянын ички иштер министри менен Айэркен Саймаитинин өлүмү боюнча сүйлөштү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-ноябрь күнү ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинин ички иштер боюнча кеңешчиси Мехмед Татлы жана Түркия Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлү Тунжай Алян менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө бир катар маселелерди, анын ичинен Стамбулда жасалган кылмыш Айэркен Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча иликтөөнүн жүрүшүн талкууга алышты.

"Кашкар Жунушалиев Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Айэркен Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча зарыл болгон маалыматтарды берүү жөнүндө макулдашышты", - деп билдирет басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
26.11.2019. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Раим бул жон гана бажыда товар откоруп турган пешка. Ошону калкалап турган адам комускодо калып жатат. Эгер чындап элге куйгон болсо ошол кезде акчанын кулу болбой, Раим жон жур деп тыйып кое ала турган кучу бар болчу
26.11.2019. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бир уйгурдун айткан сөзүнө ишенген азаттыктын журналисттерине таң каласың. Ал иликтөө бир тараптуу болуп Матраимовду азыркы бийликке чаптагысы келип турат. Азаттык Американын заказы менен АША менен мурдагы жылуу мамилени сактап калуу үчүн ушул иликтөөнү жарыялады.
26.11.2019. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакында Сооронбай Жээнбековко көз каранды комиссия түзүлөрү бышык. Жэ Раиммиллионго көз каранды топ түзүлөт. Акыры акыйкатсыз чечим чыгарышат. Биздин депутаттар Раимге көз каранды экени көрүнүп калды. Депутаттар чын эле коррупцияга каршы болушса, анда эмнеге Раим жөнүндө ооз ача албай жатышат. Соке татыксыз президент. Кетсин.
yrmat88 түзөттү 2019-11-26 14:23:31
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: