super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук бир бүлөнүн ички маселеси катары кабыл алынбашы керектигин айтты

 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Адам укуктарынын Эл аралык күнүнө карата 10-декабрга чейин өтө турган "зордук-зомбулуксуз 16 күн" акциясын колдойт. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук өлкөдөгү жана дүйнө жүзүндөгү актуалдуу маселелерден экенин белгиледи. "Аялдарга жана балдарга карата жасалган зордук-зомбулукту коомчулук жөн гана карап турбашы керек. Физикалык, психологиялык, сексуалдык мүнөздөгү, кыскасы, кандай гана үстөмдүк болбосун, тийиштүү органдардын, коомчулуктун, мамлекеттин көңүл сыртында болбошу керек, анткени зордук-зомбулуктун жасалышы – бул адам укугунун, адамдык кадыр-барктын кол тийбестик принцибинин бузулушу болуп саналат. Ал тургай балдарга карата жасалган кордук кабыл алынгыс нерсе. Мындай фактылар алардын ден соолугун чыңдоо, коопсуздук жана бакубатчылык укуктарынын негизин бузуп, ал эми психологиялык соккулар өмүрүнө таасир бериши мүмкүн. Биз муну ар дайым эсибизден чыгарбай, балдардын бактылуу балалык өткөрүү укугун коргоп жана камсыз кылууга тийишпиз. Бул өңүттөн алганда, жалпы коомдун ролу өзгөчө маанилүү. Үй-бүлөлүк зомбулук бир үй-бүлөнүн жеке маселеси катары каралбашы керек, мындай фактыларды унчукпай коюуга же укук коргоо органдары тарабынан жоопсуз калтырууга болбойт", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Республикада 2019-жылдын 10 айында 5185 үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүү учуру катталса, анын ичинде денеге залал келтирүү - 3647, психологиялык - 1362, жыныстык - 7. Үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепетинде катталган жоруктар – 5569.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: