super.kg logo
  Саясат  

Депутат Финполдун башчысына убактылуу кызматтан четтеп турууну сунуштады

 

Депутат Эльвира Сурабалдиева Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын башчысы Бакир Таировго убактылуу кызматтан четтеп турууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

Сурабалдиева журналисттик иликтөөдө Таировдун жакындарынын аты аталганын айтты. "Журналисттик иликтөөдө жакындарыңыздын аты аталып, коомчулукта чоң негатив жаратып жатат. Кылмыш иши козголду. Мындан кийин бул кызматта отурууга моралдык укугуңуз барбы? Тергөө бүткөнгө чейин бул ишке аралашпай турушуңуз керек", - деди Сурабалдиева.

Депутат Дастан Бекешев Таиров иликтөөдө айтылган фактылардын негизинде өз каалоосу менен жумуштан кетпесе, маселени эл өзү көтөрөт деген пикирин айтты. “Мүмкүн, жок десеңиз коомчулук бул маселени өзү эле көтөрүп чыгат. УКМКнын мурдагы төрагасы паспорт даярдаган компаниянын өкүлү менен жолуккандыгы үчүн эле жумуштан кеткен. Сиздин мындан ары иштөөгө моралдык укугуңуз кандай болот билбейм. Ошондуктан өзүңүз эле арыз жазып кетсеңиз жакшы болот”, - деди депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 10 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: