super.kg logo

ЖЭБ соту: Мамлекеттик айыптоочу: "ЖЭБди жаңылоодогу коррупциялык схеманы жүргүзгөн топтун башында мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков турган"

 

Бүгүн, 27-ноябрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда тараптардын жарыш сөзү башталды.

Мамлекеттик айыптоочулар иштин алкагында айыпталуучулар катары өтүп жаткан мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиеге, Сапар Исаковго, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге, "Улуттук энергетикалык холдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиевге, "Улуттук энергетикалык холдингдин" жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаровго, "Улуттук энергетикалык холдингдин" топ менеджери Салайдин Авазовго Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкуловго жана мурдагы финансы министри Ольга Лавровага коюлган айыптар окулууда.

Анда тергөөдө айыпталуучулардын күнөөсү күбөлөр берген көрсөтмөлөр жана изилдөөгө алынган иш кагаздар менен далилденгени айтылды. Айыптоочу тараптын келтирген жүйөсүндө мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков ЖЭБди модернизациялоодо коррупциялык схеманы жүргүзгөн топтун башында турган жана Кытай тарап сунуштаган TBEAнын кызыкчылыгын көздөгөн. ЖЭБди модернизациялоону бир гана TBEA компаниясы гана ишке ашыра алат деген үгүттөө жүргөн. Ошол эле маалда тендерге катышкан башка компаниялардын сунуштары каралган эмес. Мунун натыйжасында мамлекетке ири суммадагы насыя сунушталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
27.11.2019. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
муну элдин баары билет Сапар уүрдаган 111 млн долларды ордуна койуп кой
27.11.2019. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тергөөдө айыпталуучулардын күнөөсү күбөлөр берген көрсөтмөлөр жана изилдөөгө алынган иш кагаздар менен далилденгени айтылды.Буларды камап эле тим болбой офшорго которуган акчаларын кайтартуу керек.
27.11.2019. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сапар Исаков мамлекеттик бюджетке жеткирген зыянды төлөп анан камалсын. Атасына окшогон баласы. Аз калганда бул деле баштайт эле балп деп. Менин мынча байлыгым бар мерс мингем жб деп.
27.11.2019. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
соссуз турдо жеген акчаларын бюджетке тогушсун. алардын омуру ошончо акчага татык эмес.соссуз акчаны кайтарышсын - ушул максат негизги!
27.11.2019. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буларды камап бакпай эле бар байлыгын конфискациялап омур бою мамлекеттик кызматка алынбай турган кылып салуу керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: