super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Өлкө боюнча алимент төлөбөй, качып жүргөн жарандардын саны 42 миңге жетти"

 

Өлкө боюнча алимент төлөбөй, качып жүргөн жарандардын саны 42 миңге жетти. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсулуу Мамашева билдирди.

Жыйында “Алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Айсулуу Мамашева: "Конституциянын 36-беренесине ылайык, ар бир бала дене бою, акыл-эси, руханий, адептик жана социалдык жактан өнүгүүгө укугу бар. Баланын өнүгүүсүнө зарыл шарттарды камсыз кылуу жоопкерчилигин ар бир ата-эне алып жүрөт. Бирок бардык эле ата-эне баланы багуу боюнча өздөрүнүн ата-энелик милдеттерин ак ниет аткарбай жатышат.

Алимент төлөө боюнча эң көп адам Кара-Суу районунан экен. Бүгүнкү күндө бир эле сот аткаруучуда 700дөн ашык иш бар. Алардын убактысы да мүмкүнчүлүгү да жок. Себеби сот аткаруучу ар бирине барышы керек, байланышы керек болууда", - деди Мамашева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: