super.kg logo
  Саясат  

Владимир Путин Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун жыйынына катышуу үчүн Кыргыз өлкөсүнө келди

 

Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн, 28-ноябрда Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишими уюмунун кезектеги сессиясына катышуу үчүн келди. Маалыматты президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлады.

Владимир Путинди "Манас 2" эл аралык аэропортунан өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышуунун алкагында Сооронбай Жээнбеков жана Владимир Путиндин эки тараптуу жолугушуусу болот.

Жамааттык коопсуздук келишими уюму – "тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөө" максатын көздөгөн эл аралык уюм. Уюмга Орусия, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргыз Республикасы жана Тажикстан мүчө болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: