super.kg logo

Италия атмосферасында жаша!

 

Сизди ар дайым Италия шаарларынын өзгөчө жылуу атмосферасы кызыктырчу беле? Сиз Апенниныдагы архитектура, искусство эстеликтерине таандык кылдаттык менен жасалган эмгектерге суктанасызбы?

Биз деле чынында Италия архитектурасына көңүл кош эмеспиз, ошондуктан “Elite House” компаниясы өзгөчө нерсени жаратып, Бишкекке нурлуу Италиянын бир бөлүгүн эске салалы деди. Ошентип эң мыкты европалык салттар менен долбоорлонгон “Италия кварталы” – премиум-класстагы турак жай комплексин куруу идеясы жаралды.

Сиздин Италиядагы бир бурчуңуз Бишкекте

“Италия кварталы” – Бишкектин түштүк аймагындагы Жер-ортолук деңиз шаарларынын кайталангыс атмосферасын элестеткен Италиянын бир бурчу. Ал жакта жашоо, балдарды чоңойтуу, конокторду майрамдык дасторконго чогултуу абдан жагымдуу.

Турак жай комплекси мыкты инфраструктурасы бар, заманбап райондо жайгашып, сейилдөөчү жайы, бош убакытты көңүлдүү өткөрүү үчүн кызыктуу жерлерге жакындыгы менен өзгөчөлөнөт.

Архитекторлор Жузеппе Вентуринин жетекчилиги астында турак жай комплексин атактуу италиялык барокко жана европалык архитектура салттарынан эргүү алып пландашкан. Алар кайра жаралуу доорундагы италиялык эстетиканы: кооз формалар, түркүктөр, түркүктүн баш жагы, аркалар, кире бериштеги кооз группаларды орнотуп, борборубуз үчүн кышкы терраса жана галереясы менен уникалдуу заманбап долбоор түзүштү.

“Италия кварталындагы” үйлөр Рим, Милан, Сан-Ремо сыяктуу Италия шаарларынын атын алган.

Үй-бүлөңүз менен пикник уюштуруңуз

Бардык шарты бар короо аймактын 65 %ын ээлеп, ар бир бөлүк ландшафтык дизайнерлер тарабынан дыкаттык менен ойлонуштурулуп, ишке ашырылган. Турак жайдын аймагында жасалма көлмө, атайын эс алуучу чатырча, кенен жашыл газон жана фонтан каралган. Ал жактын жашоочулары алма, алмурут, гилас мөмөлөрүн жеп ырахаттанса болот. Ошондой эле жашоочуларга балдар аянтчасы, спорттук аянтча, веложол, унаа токтотуучу жай жана барбекю жасаганга ыңгайлуу аймагы бар. Үй-бүлөңүз менен үйүңүздөн четтебей пикник уюштуруңуз.

Ыңгайлуу шарт жана коопсуздук

Турак жай 6 деңгээлдеги коопсуздук менен жабдылган. Жабык аймак күнү-түнү видеобайкоо жана үйдүн бардык жагын камтыган күзөт кызматы менен камсыздалат. Ар бир подъездде консьерж-кызмат каралган. “Elite House” сиздин коопсуздугуңузга кам көрөт!

Биз батирлердин максималдуу түрдө ыңгайлуу жана функционалдуу болушу үчүн планировкалоого өзгөчө көңүл бурганбыз. Бул шыптын бийиктиги, терезелерин эки тараптуу орун алгандыгы дегендик. Демек, бул сиздин үйүңүздө жогорку деңгээлде жарык болот дегенди түшүндүрөт.

Италиялык шармды, назиктикти “Elite House” менен бирге сезиңиз! QR-кодду колдонуп, “Италия кварталына” саякатка барыңыз!

Болгону 0(555) 555 555 номерине чалып, “Италия кварталынан” өзүңүзгө батир тандаңыз!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
28.11.2019. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мындай уйду Раим Матраимов - таможник эле сатып албаса. А кечиресиздер Раиммилиондор Дубайдан уже эчак алып коюшкан.
28.11.2019. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин чонтоко туура келбей калат го
28.11.2019. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
мендагы дубайдан алып койдум эле билгенимде алмакмын
28.11.2019. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Баасы Италиядагы уйлордон да кымбат болсо керек
Бирок бизде байлар ото коп экен
Мамлекет жарды болгон менен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: