super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад. Чаткалдыктар атасынын аты коюлган мектептен кабар албаган ЖКнын депутаты Роза Акназаровага нааразы

 
Жалал-Абаддын Чаткал районуна иш сапары менен барган ЖКнын депутаты Эсенгул Исаков жергиликтүү калктын арыз-муңун укту. Жолугушууга келген тургундар көйгөйлүү маселелерин айтышты. Негизинен иштетилбей жаткан эгин талаалары, кен казып иштеген чет элдик компаниялардын аракеттери тууралуу көп сөз болду. Чаткалдагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин депутаты Рахия Өнөрбаева Коргон-Сай айылындагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектептин абалы өтө начар экенин айтты. "Жамап-түзөп отурбай ордуна жаңы мектеп куруу зарыл. Ал мектепти курууга Корчубек Акназаровдун кызы, Жогорку Кеңештин депутаты Роза Акназарова жардам берсе жакшы болот эле. Мектепке аты коюлган белгилүү инсандын депутат кызы бул мектептен такыр кабар албайт",- дейт Өнөрбаева.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: