Бишкекте машыгуу залынан өрт чыкты
Бүгүн, 30-ноябрда эртең менен Бишкек шаарында машыгуу залынан өрт чыкты. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, өрт тууралуу маалымат өрт өчүрүү кызматына саат 09:20да келип түшкөн. Аны өчүрүү үчүн 2 бригида тартылган.
"Өрт курчоого алынды. Учурда аны өчүрүү иштери жүрүп жатат. Өрттөн жабыркагандар жок. Өрт Бишкектеги Максим Горький жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги машыгуу залынан чыккан", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.