super.kg logo

ЖЭБ соту: Сапар Исаков: "Жантөрө Сатыбалдиев регионалдык баланс болуш үчүн эле камакта отурат"

 

Бүгүн, 3-декабрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча ачык соттук отурум уланууда. Анда тараптардын жарыш сөзү жүрүүдө.

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков TBEAнын өкүлү Мусажан Макелектин УКМКнын имаратында жазылып калган аудио жазуусун окуп берди. Аудио жазуунун тексттинде Макелек, ага карата коркутуулар болуп жатканын айткан. Буга чейин аудио жазуунун үзүндүсүн жактоочу Нурбек Токтакунов өзүнүн социалдык баракчасына жарыялаган.

Отурумда Исаков иш боюнча өтүп жаткан ар бир фигуранттар менен болгон мамилесин айтып берди. Ал: "Тергөө ЖЭБ боюнча бизди кылмышка күнөөлөп, мени кылмыштуу топтун, "банданын" башчысы катары көрсөтүптүр. Ал эми калгандары менин бандамдын мүчөсү экен. Мисалга, Жантөрө Жолдошевич тууралуу айтайын. Жантөрө Жолдошевичти билгендерден сурагыла. Ага бир иш менен кайрылсаң "сен кимсиң, бар нары" деп жооп бере турган адам. Кечирип койгула, бирок Жантөрө Сатыбалдиев биздин өлкөдөгү аймактык бөлүнүүчүлүк жүрүп кетпеши үчүн отурат деп ойлойм. Башкача айтканда, Жантөрө Жолдошевич регионалдык баланс үчүн камалган", - деди Исаков.

Мындан тышкары, Исаков Осмонбек Артыкбаев тууралуу айтып жатып, экөөнүн пикирлери көп учурда дал келбегенин белгиледи. "Айыптоочу тарап экөөбүздү бирге кылмыштуу иш-аракеттерди жасаган деген бүтүмгө кантип келди? Артыкбаевдин өзүнүн бизнес-индустриясы бар. Ал акчага муктаж болгон эмес. Ошондуктан 100 миллион сом төлөдү да. Бирок эмнеге андай кылганын түшүнгөн жокмун. Андан көрө балдар үйүнө берсе болмок", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
03.12.2019. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бул сот ишин Сооронбайлар ойлоп тапкан. Атамбаев Жээнбековтон мындай митаайым, жамандык күтпөгөнү үчүн экинчи ирет шайлоого барган жок. бийликти тынчтык жол менен өткөрүп берди. Сооронбай деген шорду адам эмес экен. Жогол Сооронбай элдин козуно корунбой.
03.12.2019. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
yrmat88,Атамбаев болбосо Сооронбай эч ким эмес.Айыл окмоту дагы болмок эмес.
03.12.2019. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Altyn.bala,Туура, ак батасын берип ак дили менен президент кылды го. Кудай мындай саткынчылыкты кечирбейт.
03.12.2019. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
yrmat88,Сооронбай ТЭЦти жардырдыбы силерге? ТЭЦ жарылбаса, эл билмек эмес.Коомго тарап,акчанын эсеби чыкпаганы учун камалып жатат. 111 миллион доллар кайда экенин тапсын. Же аны да Соке бекитип алдыбы?Олсонор да чындыкты суйлогуло. Эл баарын коруп турат.
03.12.2019. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизде бийликке келип алып жееп жееп алып актана беришет экенда Куноосун моюнуна коюп камап салбайбы Жегичтерди
03.12.2019. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уялбай кантип актанат десең нендурррайындааааррр... Жебесенер кана акча?!. ТЭЦ ремонт болбогон, кытайга карыз 380 миллион доллар деп жазылган
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: