super.kg logo

"Кумтөр" кенинде көчкүдөн кийин дайынсыз болуп жаткан 2 кызматкер 3 күндөн бери табыла элек

 

1-декабрь күнү таңга маал "Кумтөр" кениндеги Лысый жээк өрөөнүндө үйүлгөн жараксыз катмар көчүп түшкөн. Андан кийин ал жердеги 2 кызматкер дайынсыз болуп жаткан, аларды издөө иштери дароо башталган болчу. Эртеси дайынсыз болуп жаткандар "Кумтөр" кениндеги бульдозердин айдоочусу жана түнкү нөөмөттүн кезекчиси экендиги маалымдалган.

Кечээ өкмөт башчы аларды издөө иштерин күчөтүү тапшырмасын берген. ӨКМнын куткаруучулары менен компаниянын өзүнүн куткаруучулары биргеликте, жалпы 92 адам издөө иштерине тартылган. Алар издөөнү түнү да уланткан.

Бүгүн, 3-декабрда дайынсыз болуп жаткан 2 кызматкер табыла электигин "Кумтөрдүн" маалымат кызматынан кабарлады.

"Азырынча абалда өзгөрүү жок. Бирок ошол курам менен издөө иштери уланууда", - деди маалымат катчы.






“Кумтөр” кенинде иштеген 2 адам 3 күндөн бери изделүүдө

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Батырбек Зарлыков
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: