super.kg logo

Сапар Исаков кыргыз элине кайрылып жатып сөзүн жыйынтыктай албай мукактанып токтоп калды

 

Бүгүн, 3-декабрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Отурумда тараптардын жарыш сөзү жүрүүдө. Анда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков 2013-жылы кызматтан кетүү боюнча арыз жазганын айтты.

"Ошол мезгилде ал кездеги өлкө башчы Алмазбек Атамбаев менен бир маселе боюнча катуу айтышып кеттик. Ошондо бул нерсеге Нурсулуу Ахмедова күбө болгон. Жумуштан кетүү боюнча арызды жазып, Данияр Нарынбаевге таштап кеткем. Анткени мен ошол кезде өлкө башчынын позициясына каршы болчумун. Бирок Атамбаев ушундай киши экен, кырдаалды иликтеп туруп мени эки күндөн кийин чакырды. Ошондо Атамбаев кечирим сурап: "Балам, мени кечир! мен эксперттерди чакырып консультация алдым, көрсө сен туура айтыптырсың, мен жаңылып калыптырмын", - деген. Кайсы президент өз катасын моюнга алып, өзүнөн ылдый турган адамдан кечирим сурап жатыптыр. Ушундан кийин дагы мени мамлекет башчыга кошомат кылган деп жатышат. Ыза болосуң да. Нарынбаевден сурап көргүлө, ал тастыктап берет. Нарынбаев калп айтпайт", - деди Исаков.

Мындан тышкары, Исаков Алмазбек Атамбаевдин "коррупция" беренеси боюнча күнөөлөнүп жатканы тууралуу оюн айтты. "Аны каалаган нерсеге күнөөлөгүлө, бирок "коррупцияга" эмес, анткени ал коррупционерлерди жаман көрчү. Дайыма бизге коррупцияга барбагыла деп керек болсо, айлыгыбызга акча кошуп берген", - деп кошумчалады ал.

Сөзүнүн соңунда Исаков Кыргыз элине кайрылып, ЖЭБ өлкө үчүн керектүү долбоор болгонун айтты. "Эки жыл мурун мынчалык жалган жалаа жабылып, "коррупцияга" айыпталам деп ойлогон эмесмин" деген Исаков сөзүн жыйынтыктай албай, мукактанып токтоп калды. Отурумда отурган жакындарынын арасында да буга таасирленип ыйлап жибергендери болду.

"Мен башкача тарбия алгам. Эч качан паракорлукка бармак эмесмин. Атам кадырлуу адам эле. Анын атын булгамак эмесмин. Көп адамдар ушундай калпка ишенип алганы мени өкүндүрөт. Ал эми мага ишенгендерге ыраазычылыгымды билдирем. Мен аягына чейин барам, силердин ишеничиңерди актайм. Кыргыз эли чындыкты билиши үчүн, аягына чейин күрөшөм. Мага коюлган күнөөнү толугу менен моюнума албайм. Мени гана эмес, бул жакта чогуу отургандарды дагы актоону суранам. Эң акыры болбой баратса, менден башкасын бошотууну суранам. Анткени чындыгында, бүгүнкү бийликтин максаты мен элемин", - деди Исаков






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(20)
03.12.2019. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
111 миллион долларды ким алды анда?
Карапайым калк уурдап алдыбы?
03.12.2019. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
toktor89,
Чыныгы уурулар Сооронбайлар экенин билбей жатасынбы. Раим миилионго окшогон ууруларды жарышып жургон Сооронбай озу ууру экенин билиш керек.
03.12.2019. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
toktor89, Тымызын Кытайга 11 жолу эмнеге барды эгер акча уурдабаса.
03.12.2019. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
111 миллион долларды кайтар Сапар!
Alimbek1000 түзөттү 2019-12-03 16:34:10
03.12.2019. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Миллиондор көмүрдүн оордуна жагылып кеттиби анда?
03.12.2019. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Окмот башчы болгондон кийин, олкого сен жооп беришин керек.Анан кимди куноолойлу, билсен айт да.
03.12.2019. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Аллахым билет актыгын!!! Бул күндөр да өтөт. Ак ийилет бирок сынбайт. Ишенебиз буюрса акыйкаттык келээрине!!! Сапар ак экенине Ишенебиз!!! Кудайым өзү жар болсун!!!
03.12.2019. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Makul,Койчу ай) Сапар ууру экенин элдин баары билет
03.12.2019. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Makul,
Жараткан Тенирим Сокеге окшогон митайым куу хитрый адамдардын жазасын берсин.
03.12.2019. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кычкачты 600доллардан 2000мин сомдук камераларды 14000(он торт мин доллардан)алган Атанбайев коррупционнер эмей мен коррупционнерминби Сапар !!!
03.12.2019. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Уурунун орду темир тордун артында деген жакшы кеп бар!Чондордун баарысынын ордуларына темир тордун артында
03.12.2019. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Атамбаев балп этип коп айтат эле, ВОР ДОЛЖЕН СИДЕТЬ В ТЮРЬМЕ деп, командасы менен отурат, сот акыйкат чечим чыгараар буюрса...убакыт корсотот
03.12.2019. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Анда неге кычкачты 600доллардан камераны отуз мин доллардан сатып алдынар? Сапаш сен айттчы озунун уйуно 600долларга кычкач сатып алат белен
03.12.2019. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ууру тойгуча уурдайт,өлгүчө карганат
03.12.2019. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
386 миллион долларга тец 30 пайызы гана ондолуптур уят э силер кылым аферасын кылдынар Кыргыздын душманысынар силерди өмүр бою камаш керек,эми биз Тецти толук ондойбуз деп дагы канча карыз алышыбыз керек Сары бала бет жок экен силерде.
03.12.2019. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Саясий жалган жалаа бул,Сапар таза иштеди
03.12.2019. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Ыйлап ийсе сот кечирет да, ыйлап ыйлап ал да акыркы сөз берилгенде
04.12.2019. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ыйлагыдай, Кыргыз элине кайрылгыдай сен эмне тим эле Раззаковтой болуп кыйратып иштеп салдың беле? Башка .ок курсактар ооруп калып өлүмүштөнсө, сен ыйлактап өлүмүштөнүп жатасыңго))))
04.12.2019. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен Сапар Исаковго ишенем эгер ушулар болбогондо Кыргызстан энергетикалык колапс тезек эмес шыйрагыбызды жакмакпыз окунучтуу калпка коп ишенет экенбиз соке соке эмес эле хххх болуп калды. соке сенин дагы кунун келет азыр Кыргызстанда бакиев акаевден жаман болуп жатат. Карагылачы Атамбаевдин убагында качан эл кочого бензин сатчу эле азыр толуп кетти.
Модератор admin_media түзөттү 2019-12-04 15:22:14
04.12.2019. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вай эненди
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: